Skip to content

Рамазан айынан бир же эки күн мурун орозо кармабагыла! Ал эми кимдир бирөө адатта кармап жүргөн орозосу болсо, аны кармай берсин.

التصنيف الشرعي
الفقهالصيامصيام يوم الشك

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Рамазан айынан бир же эки күн мурун орозо кармабагыла! Ал эми кимдир бирөө адатта кармап жүргөн орозосу болсо, аны кармай берсин».

«لَا تَقَدَّمُوا رَمَضَانَ بِصَوْمِ يَوْمٍ وَلَا يَوْمَيْنِ إِلَّا رَجُلٌ كَانَ يَصُومُ صَوْمًا فَلْيَصُمْهُ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адамдын Рамазанга этияттык кылуу ниети менен Рамазан айына бир же эки күн калганда орозо кармоосуна тыюу салган. Анткени Рамазан орозосунун фарздыгы жаңы айдын көрүнүшүнө байланган, андыктан ашыкча түйшүк тартуунун кереги жок. Бирок кимдир бирөөнүн адат кылып кармап жүргөн орозосу болсо, мисалы, бир күн орозо кармап, бир күн оозу ачык жүргөн болсо же дүйшөмбү менен бейшемби күндөрүндөгү орозосу ушул күндөргө туура келип калса, анда ал орозосун кармай берсин. Бул Рамазанды утурлай орозо кармоого жатпайт. Ошондой эле каза же назр (олуттуу убада) сыяктуу милдеттүү орозолор да ушул эрежеге кирет.

Хадистин пайдалары

Динде аша чаап кетүүгө тыюу салынган. Ошондуктан ибадаттарды шариятта көрсөтүлгөндөй, ашырбастан жана кемитпестен аткаруу — зарыл милдет.

Мунун даанышмандыгы (эң туурасын Аллах билет) — ибадаттардын фарзын напилинен айырмалоо, Рамазанга дилгирлик жана жигердүүлүк менен даярдануу, ошондой эле орозо ушул пазилеттүү айдын өзгөчө белгиси болуусунда.

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 28) (1914).

Сахих Муслим (2/ 762) (1082).

Сахих ал-Бухари (3/ 28) (1914).

Сахих Муслим (2/ 762) (1082).

Дагы (8)

تيسير العلام.

لعبد الله البسام (ص313).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.

لابن عثيمين (3/ 412).

تيسير العلام.

لعبد الله البسام (ص313).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.

لابن عثيمين (3/ 412).