عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Жыйынтыктарды чыпкалоо
816 карточка
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Калган булактарды көрсөтүү
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (228)
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каалаган өкүмгө жетүү максатында пара берүүчүгө жана пара алуучуга каргыш айтты.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب القاضي، البيوع المحرمةموضوعات الحديثالرشوة
"Кимде-ким бир хадистин жалган экенин билип туруп аны мени айткан деп таратса, ал жалганчылардын бири болот".
Сахих (ишенимдүү) Муслим өзүнүн кириш сөзүндө риваят кылган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة، أهمية السنة ومكانتها
Биз Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге мечитте олтурганыбызда, бир чөлдүк араб (бедуин) келип, мечитке заара кыла баштады. Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары: "Токто, токто!" - дешти. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Анын заарасын үзбөгүлө (бөлбөгүлө), жөн койгула» — деди. Алар тиги заара кылып бүткүчө жөн коюшту.
Андан соң Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны чакырып: «Чындыгында, бул мечиттер мындай заара кылууга жана ыпластыкка ылайыктуу эмес. Алар Улуу жана Кудуреттүү Аллахты зикир кылуу, намаз окуу жана Куран окуу үчүн гана», — деди (же Аллахтын Элчиси ушуга окшош сөз айтты).
(Анас) айтат: Анан Пайгамбар бир кишиге буйрук берди эле, ал бир чака суу алып келип, ал жерге төгүп (жууп) койду.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأحكام المساجد
"Эгерде адамдар зулум кылып жаткан адамды көрүп, анын колунан кармап токтотпосо, Аллах Таала ал үчүн баарын чогуу жазалап коюусу мүмкүн".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة، ذم المعاصي، حكم الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر، تفسير الآياتموضوعات الحديثالأمر بالمعروف والنهي عن المنكر، الظلم، القرآن وعلومه
«Аял киши үч күндөн ашуун аза күтпөйт, бир гана күйөөсү үчүн төрт ай он күн аза күтөт. (Бул убакта) боёлгон кийимдерди кийбейт, бирок Йемендин кийимин кийсе болот. Сурма койбойт жана жыпар жыттуу нерселерди сүртүнбөйт, бир гана этек киринен тазалангандан кийин Кыст же Азфардан бир аз сүртүнүп алса болот».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالعدة
Тувайт ибн Хабиб ибн Асад ибн Абдул-Уззанын кызы Хавла анын жанынан өтүп баратканда, анын жанында Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бар эле. Ошондо мен: "Бул – Тувайттын кызы Хавла, аны түнкүсүн уктабайт деп айтышат" - дедим. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Түнкүсүн уктабайт?! Амалдардан күчүңөр жете турганын алгыла (аткаргыла). Аллахка ант! Силер тажамайынча, Аллах тажабайт» - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيحقوق الإنسان في الإسلام
«Кайыптын ачкычтары (илими) бешөө: "Кыямат качан болушун бир гана Аллах билет. Ал (асмандан) жамгыр жаадырат. (Бир Өзү гана) жатындагы түйүлдүктү(н тагдырын) билет. Эч бир жан эртең эмне иш жасаарын биле албайт. Эч ким кай жерде (кантип) өлүшүн биле албайт. Чынында, Аллах (баарын) Билүүчү, (баарынан) Кабардар».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيتوحيد الألوهية، تفسير الآيات
«Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар. Өзүңө пайдалуу болгон нерсеге умтул, Аллахтан жардам сура, жана алсыз болбо. Эгер сага бир кайгы-капа жетсе: « Эгер тигиндей кылсам, мындай болоор эле»-деп айтпа». Аллах тагдыр кылыптыр. Ал Өз каалаганын жасайт «-дегиле. Анткени, «Эгер» деген сөз шайтандын амалдарына жол ачат»
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأعمال القلوب، الإيمان بالقضاء والقدر، الإيمانموضوعات الحديثحفظ اللسان، أقسام الإيمان، الإيمان بالقدر خيره وشره، التوكل، الرضا