عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Жыйынтыктарды чыпкалоо
816 карточка
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Калган булактарды көрсөтүү
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (228)
Улуу Аллах Таала: "Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, алар анык каапырлар!" [Маида: 44], "...ошолор анык залымдар!" [Маида: 45] жана "...ошолор анык бузукулар!" [Маида: 47] деген мааниси жакын үч аятты түшүргөн.
(Хадисти айтып өткөрүүчү) айтат: Ибн Аббас минтип айткан: "Аллах бул аяттарды жөөттөрдүн эки тайпасы жөнүндө түшүргөн. Түркөйлүк доордо алардын бири экинчисине үстөмдүк кылган. Натыйжада, күчтүү тайпа алсыз тайпадан кимдир бирөөнү өлтүрсө, анын куну элүү васк (өлчөм бирдиги) болоруна, ал эми алсыз тайпа күчтүү тайпадан кимдир бирөөнү өлтүрсө, анын куну жүз васк болоруна ыраазы болуп, келишим түзүшкөн болчу.
Алар пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мадинага келгенге чейин ушул келишимди аткарышкан. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенден кийин эки тайпа тең ага моюн сунуп калышты. Бирок ал кезде Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) толук үстөмдүк кыла элек болчу жана аларды өзүнө күч менен баш ийдирген эмес эле, болгону ортодо тынчтык келишими болгон.
Ошол убакта алсыз тайпадан бирөө күчтүү тайпадан бирөөнү өлтүрүп коёт. Күчтүү тайпа алсыз тайпага: «Бизге жүз васк кун жөнөткүлө», - деп талап койот. Анда алсыз тайпа: «Качандыр бир убакта дини бир, теги бир жана шаары бир болгон эки уруунун биринин куну экинчисинин кунунун жарымына барабар болгон беле?! Биз муну силер бизге зордук-зомбулук кылып, силерден коркконубуз үчүн гана берип келгенбиз. Эми Мухаммад келгенден кийин, биз силерге аны бербейбиз!» - дешти.
Ушундан улам алардын ортосунда согуш чыгып кете жаздайт. Кийин алар Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өкүм чыгаруучу кылууга макулдашат. Бирок күчтүү тайпа пикирленип минтип айтат: «Аллахка ант болсун, Мухаммад алардын силерге бере турган кунун силердин аларга бере турган кунуңардан эки эсе көп кылып бербейт. Алар негизи туура айтышты: алар муну биздин аларга көрсөткөн зордугубуз жана аларды коркутканыбыз үчүн гана беришкен. Ошондуктан Мухаммадга анын пикирин силерге билип бере турган бирөөлөрдү жашыруун жөнөткүлө: эгерде ал силер каалаган нерсени берсе, анда аны өкүм чыгаруучу (казы) кыласыңар. Ал эми бербесе, андан сак болосуңар да, аны өкүм чыгаруучу кылбайсыңар».
Ошентип, алар Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пикирин билип келүү үчүн мунафыктардан бир-экөөнү ага жашыруун жөнөтүштү. Алар Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенде, Аллах Таала элчисине алардын иштери жана эмнени каалап жатышканы тууралуу кабар берди. Ошондо Аллах Таала: «О элчи! "ыйман келтирдик" деп айткандардын арасынан каапырлыкка шашылгандар сени капалантпасын...» [Маида: 41] деген аяттан баштап, «...Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, ошолор анык бузукулар!» [Маида: 47] деген аятка чейин түшүрдү. Ибн Аббас ал эки тайпа жөнүндө: «Аллахка ант болсун, ал аяттар ушулар жөнүндө түшкөн жана Улуу Аллах Таала ушул экөөнү максат кылган», - деп айтты.
Хасан (жакшы) Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأسباب النزول
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баатырдыгы үчүн, элин сактоо үчүн, элге көрүнүү үчүн жихадга чыккан адамдардын кимиси Аллах жолунда болот? - деп сурашты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ким Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн жихад кылса, ошол Аллахтын жолунда болот" - деп жооп берди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأعمال القلوب، أحكام ومسائل الجهاد وآدابهموضوعات الحديثفضل الجهاد، الإخلاص، الرياء
"Чынында бул дин абдан жеңил. Эч ким чамасы келбеген даражада ибадат кылам дебесин. Антсе ага дин үстөмдүк кылат. Ошондуктан, ар бир иште тактыкты жана ортолукту кармангыла. Ар бир ишти мыкты аткаргыла. Ошенте алсаңар, кубангыла. Таңкы, кечки жана түн бир оокумдагы убактыңарды жакшы пайдаланып, Аллахтан жардам сурагыла".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيخصائص الإسلام وفضله ومحاسنه
"Эркектер үчүн саптардын эң жакшысы - алдыңкылары. Эң жаманы - арткылары. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - арткылары. Эң жаманы - алдыңкылары".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل صلاة الجماعة وأحكامها
«Эгерде ким мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда ага аны жакшы көрөрүн кабарласын».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، آداب الكلام والصمتموضوعات الحديثالحب في الله والبغض في اللهمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق
«Аллахым, мен Өзүңдөн туура жолду, такыбалыкты, күнөөдөн оолак болууну жана пенделерге беймуктаж болууну суранамын».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأدعية المأثورة
"Аллахым, менин иштеримдин коргоочусу болгон динимди оңдо. Менин жашоом өтүп жаткан дүйнөмдү оңдо. Мен кайтып бара турган акыретимди оңдо. Өмүрдү мен үчүн ар бир жакшылыкты көбөйтүүчү кыл, ал эми өлүмдү ар бир жамандыктан арылтуучу кыл».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأدعية المأثورة
"Кыямат күнү бир киши алып келинип тозокко ташталат. Анын ичеги-карды чубалып калат. Анан ал эшек тегирмендин ташын айлантып тегеренген сыяктуу ичеги-кардын айланып калат. Анын айланасына тозоктун тургундары чогулат. Анан: Эй, баланча! Сага эмне болду!? Сен башкаларды жашылыкка чакырып, жамандыктан тыят элең го? - деп сурашат. Ал айтат: Ооба, чындап башкаларды жакшылыкка чакырчумун, бирок өзүм аткарчу эмесмин. жамандыктан кайтарчумун, бирок өзүм кыла берчүмүн".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيصفات الجنة والنار