Skip to content

Аллах Таала: "Ким Алла түшүргөн өкүм менен өкүм кылбаса, анда алар анык каапырлар" деген аятын түшүргөнү.

Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) бул аят тууралуу минтип айтат:

Улуу Аллах Таала: "Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, алар анык каапырлар!" [Маида: 44], "...ошолор анык залымдар!" [Маида: 45] жана "...ошолор анык бузукулар!" [Маида: 47] деген мааниси жакын үч аятты түшүргөн. (Хадисти айтып өткөрүүчү) айтат: Ибн Аббас минтип айткан: "Аллах бул аяттарды жөөттөрдүн эки тайпасы жөнүндө түшүргөн. Түркөйлүк доордо алардын бири экинчисине үстөмдүк кылган. Натыйжада, күчтүү тайпа алсыз тайпадан кимдир бирөөнү өлтүрсө, анын куну элүү васк (өлчөм бирдиги) болоруна, ал эми алсыз тайпа күчтүү тайпадан кимдир бирөөнү өлтүрсө, анын куну жүз васк болоруна ыраазы болуп, келишим түзүшкөн болчу. Алар пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мадинага келгенге чейин ушул келишимди аткарышкан. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенден кийин эки тайпа тең ага моюн сунуп калышты. Бирок ал кезде Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) толук үстөмдүк кыла элек болчу жана аларды өзүнө күч менен баш ийдирген эмес эле, болгону ортодо тынчтык келишими болгон. Ошол убакта алсыз тайпадан бирөө күчтүү тайпадан бирөөнү өлтүрүп коёт. Күчтүү тайпа алсыз тайпага: «Бизге жүз васк кун жөнөткүлө», - деп талап койот. Анда алсыз тайпа: «Качандыр бир убакта дини бир, теги бир жана шаары бир болгон эки уруунун биринин куну экинчисинин кунунун жарымына барабар болгон беле?! Биз муну силер бизге зордук-зомбулук кылып, силерден коркконубуз үчүн гана берип келгенбиз. Эми Мухаммад келгенден кийин, биз силерге аны бербейбиз!» - дешти. Ушундан улам алардын ортосунда согуш чыгып кете жаздайт. Кийин алар Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өкүм чыгаруучу кылууга макулдашат. Бирок күчтүү тайпа пикирленип минтип айтат: «Аллахка ант болсун, Мухаммад алардын силерге бере турган кунун силердин аларга бере турган кунуңардан эки эсе көп кылып бербейт. Алар негизи туура айтышты: алар муну биздин аларга көрсөткөн зордугубуз жана аларды коркутканыбыз үчүн гана беришкен. Ошондуктан Мухаммадга анын пикирин силерге билип бере турган бирөөлөрдү жашыруун жөнөткүлө: эгерде ал силер каалаган нерсени берсе, анда аны өкүм чыгаруучу (казы) кыласыңар. Ал эми бербесе, андан сак болосуңар да, аны өкүм чыгаруучу кылбайсыңар». Ошентип, алар Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пикирин билип келүү үчүн мунафыктардан бир-экөөнү ага жашыруун жөнөтүштү. Алар Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенде, Аллах Таала элчисине алардын иштери жана эмнени каалап жатышканы тууралуу кабар берди. Ошондо Аллах Таала: «О элчи! "ыйман келтирдик" деп айткандардын арасынан каапырлыкка шашылгандар сени капалантпасын...» [Маида: 41] деген аяттан баштап, «...Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, ошолор анык бузукулар!» [Маида: 47] деген аятка чейин түшүрдү. Ибн Аббас ал эки тайпа жөнүндө: «Аллахка ант болсун, ал аяттар ушулар жөнүндө түшкөн жана Улуу Аллах Таала ушул экөөнү максат кылган», - деп айтты.

إِنَّ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ أَنْزَلَ: {وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللهُ فَأُولَئِكَ هُمِ الْكَافِرُونَ} [المائدة: 44] وَ {فَأُولَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ} [المائدة: 45] وَ {فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ} [المائدة: 47] ، قَالَ: قَالَ ابْنُ عَبَّاسٍ: أَنْزَلَهَا اللهُ فِي الطَّائِفَتَيْنِ مِنَ اليَهُودِ، وَكَانَتْ إِحْدَاهُمَا قَدْ قَهَرَتِ الأُخْرَى فِي الجَاهِلِيَّةِ، حَتَّى ارْتَضَوْا وَاصْطَلَحُوا عَلَى أَنَّ كُلَّ قَتِيلٍ قَتَلَتْهُ العَزِيزَةُ مِنَ الذَّلِيلَةِ فَدِيَتُهُ خَمْسُونَ وَسْقًا، وَكُلَّ قَتِيلٍ قَتَلَتْهُ الذَّلِيلَةُ مِنَ العَزِيزَةِ فَدِيَتُهُ مِائَةُ وَسْقٍ، فَكَانُوا عَلَى ذَلِكَ حَتَّى قَدِمَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ المَدِينَةَ، وَذَلَّتِ الطَّائِفَتَانِ كِلْتَاهُمَا لِمَقْدَمِ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، ورَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَوْمَئِذٍ لَمْ يَظْهَرْ، وَلَمْ يُوطِئْهُمَا عَلَيْهِ، وَهُوَ فِي الصُّلْحِ، فَقَتَلَتِ الذَّلِيلَةُ مِنَ العَزِيزَةِ قَتِيلًا، فَأَرْسَلَتِ العَزِيزَةُ إِلَى الذَّلِيلَةِ: أَنِ ابْعَثُوا إِلَيْنَا بِمِائَةِ وَسْقٍ، فَقَالَتِ الذَّلِيلَةُ: وَهَلْ كَانَ هَذَا فِي حَيَّيْنِ قَطُّ دِينُهُمَا وَاحِدٌ، وَنَسَبُهُمَا وَاحِدٌ، وَبَلَدُهُمَا وَاحِدٌ، دِيَةُ بَعْضِهِمْ نِصْفُ دِيَةِ بَعْضٍ؟ إِنَّا إِنَّمَا أَعْطَيْنَاكُمْ هَذَا ضَيْمًا مِنْكُمْ لَنَا، وَفَرَقًا مِنْكُمْ، فَأَمَّا إِذْ قَدِمَ مُحَمَّدٌ فَلَا نُعْطِيكُمْ ذَلِكَ، فَكَادَتِ الحَرْبُ تَهِيجُ بَيْنَهُمَا، ثُمَّ ارْتَضَوْا عَلَى أَنْ يَجْعَلُوا رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بَيْنَهُمْ، ثُمَّ ذَكَرَتِ العَزِيزَةُ، فَقَالَتْ: وَاللهِ مَا مُحَمَّدٌ بِمُعْطِيكُمْ مِنْهُمْ ضِعْفَ مَا يُعْطِيهِمْ مِنْكُمْ، وَلَقَدْ صَدَقُوا، مَا أَعْطَوْنَا هَذَا إِلَّا ضَيْمًا مِنَّا، وَقَهْرًا لَهُمْ، فَدُسُّوا إِلَى مُحَمَّدٍ مَنْ يَخْبُرُ لَكُمْ رَأْيَهُ: إِنْ أَعْطَاكُمْ مَا تُرِيدُونَ حَكَّمْتُمُوهُ، وَإِنْ لَمْ يُعْطِكُمْ حَذِرْتُمْ فَلَمْ تُحَكِّمُوهُ، فَدَسُّوا إِلَى رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ نَاسًا مِنَ المُنَافِقِينَ لِيَخْبُرُوا لَهُمْ رَأْيَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَلَمَّا جَاءَ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَخْبَرَ اللهُ رَسُولَهُ بِأَمْرِهِمْ كُلِّهِ وَمَا أَرَادُوا، فَأَنْزَلَ اللهُ عَزَّ وَجَلَّ {يَا أَيُّهَا الرَّسُولُ لَا يَحْزُنْكَ الَّذِينَ يُسَارِعُونَ فِي الْكُفْرِ مِنَ الذِينَ قَالُوا آمَنَّا} [المائدة: 41] إِلَى قَوْلِهِ: {وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللهُ فَأُولَئِكَ هُمِ الْفَاسِقُونَ} [المائدة: 47] ثُمَّ قَالَ فِيهِمَا: وَاللهِ نَزَلَتْ، وَإِيَّاهُمَا عَنَى الله عَزَّ وَجَلَّ.

Ахмад жазып калтырган.
Хасан (жакшы)
Чечмелөө

Мадинадагы жөөттөрдүн ичинде Бану Курайза жана Бану Надир деген уруулар бар болчу. Түркөйлүк доордо алардын бири экинчисин жеңип, үстөмдүк кылып алган эле. Ошентип алар макулдашып, өз ара келишим түзүшкөн: үстөмдүк кылган күчтүү уруу жеңилген алсыз уруудан бирөөнү өлтүрсө, анын куну элүү гана васк болот. Ал эми жеңилген алсыз уруу үстөмдүк кылган күчтүү уруудан бирөөнү өлтүрсө, анын куну эки эсе, тактап айтканда жүз васк болот. Бир васк алтымыш "саага" барабар. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мадинага көчүп келгенге чейин алар ушундай жашашкан. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келиши менен эки тайпа тең ага моюн сунушту. Ал учурда пайгамбарыбыз душмандарын жеңип чыга элек болчу жана ал экөөнү өзүнө баш ийүүгө мажбурлаган эмес. Бул хижраттын алгачкы мезгили эле. Мында болгону ортодо тынчтык келишим болгон. Анан алсыз уруудан бирөөлөр күчтүү уруудан бир кишини өлтүрүп койот. Ошондо күчтүү уруу алсыз урууга адам жиберип: «Бизге келишимдегидей жүз васк жөнөткүлө», – деди. Алсыз уруунун башчылары: «Дини бир, теги бир жана жери бир болгон эки уруунун ортосунда биринин куну экинчисинин кунунун жарымына барабар болгон учур эч качан болгон эмес. Биз муну силердин бизге кылган зулумдугуңардан жана силерден коркконубуздан улам гана берип келгенбиз. Ал эми Мухаммад келгенден кийин силерге аны эч качан бербейбиз!» - дешти. Алардын ортосунда согуш тутанып кете жаздайт. Андан соң ортолорунда Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өкүм чыгаруучу кылууга ыраазы болушту. Анан кадырмандары ойлонуп, айтышты: «Аллахка ант болсун, Мухаммад силер аларга бергенден эки эсе көбүн алардан силерге алып бербейт. Алар чындыкты айтышты, алар муну биздин аларга кылган зулумдугубуздан жана үстөмдүгүбүздөн улам гана бизге беришкен. Ошондуктан Мухаммадга анын пикирин билип келүү үчүн жашыруун бирөөнү жибергиле. Эгер ал силер каалаганды берсе, анда аны өкүм чыгаруучу кыласыңар. Ал эми силер эңсегенди бербесе, анда аны таштайсыңар жана ортоңордо өкүм чыгаруучу кылбайсыңар». Алар пайгамбардын пикирин билүү үчүн Аллахтын элчисине эки жүздүүлөрдөн адамдарды жашыруун жөнөтүштү. Алар Аллахтын элчисине келишкенде, Аллах аян-кабар түшүрдү жана пайгамбарына алардын иштери жана эмнени каалагандары тууралуу кабар берди. Ошентип, Улуу Аллах «Маида» сүрөөсүндөгү төмөнкү сөзүн түшүрдү: "О, пайгамбар! «ыйман келтирдик» деп, каапырлык тарапка чуркап бараткандар сени кайгыга салбасын" [Маида: 41] (дегенден баштап) "Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, ошолор анык бузукулар!" [Маида: 47] дегенге чейин. Ибн Аббас (ага Алла ыраазы болсун) мындай деди: "Аллахка ант болсун, ал экөө жөнүндө Аллах Тааланын мындай деген сөзү түшкөн: "Ким Алла түшүргөн өкүм менен өкүм кылбаса, анда алар анык каапырлар" [Маида: 44]. Жана "...мына ошолор гана заалым кишилер!" [Маида: 45] жана "... ошолор гана бузуку адамдар" [Маида: 47], Аллах Таал ушул эки урууну назарда туткан.

Хадистин пайдалары

Жөөттөр пайгамбардын чынчылдыгын жана ишенимдүүлүгүн билишкен.

Жөөттөрдүн куулугу жана өздөрүнө кылган зулумдугу.

Аллахтын жөөттөр үчүн бул дүйнөдө кордук, ал эми акыретте улуу азап бар экенин кабарлоосу.

Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбоо жана Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өкүмүнө ыраазы болбоо – каапырлыктын, заалымдыктын жана пасыктыктын далили.

Эки жүздүүлөрдүн коркоктугу жана алардын жөөттөр менен кызматташуусу.

Булактар

Муснад Ахмад (4/ 88) (2212).

978.

702.

1017.

305).

Муснад Ахмад (4/ 88) (2212).

978.

702.

1017.

305).

Дагы (2)

النهاية في غريب الحديث والأثر (ص 972.

النهاية في غريب الحديث والأثر (ص 972.