Skip to content

Мага бейиш менен тозок көрсөтүлдү, жакшылык менен жамандык жагынан бүгүнкүдөй күндү эч качан көргөн эмесмин. Эгерде менин билгенимди билгениңерде, аз күлүп, көп ыйламаксыңар.

Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары жөнүндө бир кабар жеткенде, хутба кылып, мындай деди:

"Мага бейиш менен тозок көрсөтүлдү, жакшылык менен жамандык жагынан бүгүнкүдөй күндү эч качан көргөн эмесмин. Эгерде менин билгенимди билгениңерде, аз күлүп, көп ыйламаксыңар." Анас айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары үчүн мындан өткөн оор күн болгон эмес. Ал айтты: Алар баштарын жаап, бышактап ыйлап жатышты. Ал айтты: Ошондо Умар туруп мындай деди: Биз Раббибиз Аллах, динибиз Ислам жана пайгамбарыбыз Мухаммад - деп ыраазы болдук. Ал айтты: Анан баягы адам ордунан туруп: Менин атам ким? - деп сурады. Ал: "Сенин атаң баланча" - деди. Ошондо: «Оо, ыйман келтиргендер! (Силерге зарыл болбогон) Ар нерсени сурай бербегиле. Эгер сурооңорго жооп берилсе андан өзүңөргө кыйынчылык жаратып аласыңар». (Маида сүрөсү, 101-аят) - деген аят түштү.

«عُرِضَتْ عَلَيَّ الْجَنَّةُ وَالنَّارُ فَلَمْ أَرَ كَالْيَوْمِ فِي الْخَيْرِ وَالشَّرِّ، وَلَوْ تَعْلَمُونَ مَا أَعْلَمُ لَضَحِكْتُمْ قَلِيلًا وَلَبَكَيْتُمْ كَثِيرًا» قَالَ: فَمَا أَتَى عَلَى أَصْحَابِ رَسُولِ اللهِ صلى الله عليه وسلم يَوْمٌ أَشَدُّ مِنْهُ، قَالَ: غَطَّوْا رُءُوسَهُمْ وَلَهُمْ خَنِينٌ، قَالَ: فَقَامَ عُمَرُ فَقَالَ: رَضِينَا بِاللهِ رَبًّا، وَبِالْإِسْلَامِ دِينًا، وَبِمُحَمَّدٍ نَبِيًّا، قَالَ: فَقَامَ ذَاكَ الرَّجُلُ فَقَالَ: مَنْ أَبِي؟ قَالَ: «أَبُوكَ فُلَانٌ»، فَنَزَلَتْ: {يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لا تَسْأَلُوا عَنْ أَشْيَاءَ إِنْ تُبْدَ لَكُمْ تَسُؤْكُمْ} [المائدة: 101].

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары тууралуу бир нерсе жетти, ал – алардын ага өтө көп суроо бергендиги эле. Ошондо ал ачууланып, хутба кылып мындай деди: Мага бейиш менен тозок көрсөтүлдү. Мен бүгүн бейиште көргөнүмдөн артык жакшылыкты, жана бүгүн тозокто көргөнүмдөн артык жамандыкты көргөн жокмун. Эгерде силер менин көргөнүмдү көргөнүңөрдө жана менин бүгүн, ошондой эле буга чейин көргөндөрүмдөн билгенимди билгениңерде, анда абдан катуу коркмоксуңар, күлкүңөр азайып, ыйыңар көбөймөк. Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына андан өткөн оор күн келген эмес эле. Алар баштарын жаап алышты, ал эми катуу ыйлагандыктарынан улам мурундарынан күңгүрөнгөн (муңдуу) үндөр гана чыгып турду. Ошондо Умар (Аллах андан ыраазы болсун) ордунан туруп, мындай деди: Аллахты Раббибиз, Исламды динибиз жана Мухаммадты пайгамбарыбыз деп ыраазы болдук. Анас айтты: Анан ошол адам ордунан туруп: Менин атам ким? - деди. Ал: "Сенин атаң баланча" - деди, ошондо төмөнкү аят түшкөн: «Оо, ыйман келтиргендер! (Силерге зарыл болбогон) Ар нерсени сурай бербегиле. Эгер сурооңорго жооп берилсе андан өзүңөргө кыйынчылык жаратып аласыңар». (Маида сүрөсү, 101-аят).

Хадистин пайдалары

Аллахтын азабынан коркуп ыйлоо жана көп күлбөө мустахаб. Анткени ашыкча күлкү капилеттикти жана жүрөктүн катуулугун билдирет.

Сахабалардын (Аллах алардан ыраазы болсун) насаатты угуп таасирлениши жана Аллахтын жазасынан катуу коркушкандыктары.

Ыйлаган учурда бетти жабуу жакшы.

Имам Хаттаби мынтип айтат: "Бул хадис өзүнө эч кандай муктаждыгы болбогон нерсе тууралуу аша чабуучулук же чектен чыгуучулук менен сураган адамга тиешелүү. Ал эми кимдир бирөө зарылчылыктан улам, башкача айтканда, бир маселеге туш болуп, ал жөнүндө сурап тактап алса, ага эч кандай күнөө да, айып да жок."

Аллахка баш ийүүдө бекем болууга, Аллахка күнөө кылуудан алыс болууга жана Аллахтын чектеринен ашпоого чакыруу.

Хадисте насаат айтуу жана таалим берүү учурунда ачууланууга уруксат экендиги айтылды.

Булактар

Сахих ал-Бухари (6/ 54) (4621).

Сахих Муслим (4/ 1832) (2359).

Дагы (6)

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 367).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 474).

النهاية في غريب الحديث والأثر.

لابن الأثير(1/ 45).