Skip to content

Аллахтын жазаларынан (худуд) башка учурларда, эч кимге он камчыдан ашык урулбайт.

Абу Бурда ал-Ансари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум:

«Аллахтын жазаларынан (худуд) башка учурларда, эч кимге он камчыдан ашык урулбайт».

«لَا يُجْلَدُ أَحَدٌ فَوْقَ عَشَرَةِ أَسْوَاطٍ إِلَّا فِي حَدٍّ مِنْ حُدُودِ اللهِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күнөө иштерден башка учурларда кимдир бирөөнү он камчыдан ашык уруудан тыйды. Бул жерде шариат тарабынан белгилүү бир сандагы камчы, уруу же атайын жаза белгиленген учурлар (худудтар) назарда тутулган жок. Максат — аялын же баласын тарбиялоо (тартипке салуу) сыяктуу учурларда уруунун саны он камчыдан ашпоосу керек.

Хадистин пайдалары

Аллах Таала буюрган же тыюу салган чектердин алардан тыя турган жазалары бар. Алар же шарият тарабынан өлчөнүп такталган, же анын өлчөмүн белгилөө Имам ылайык көргөн пайдага кайтат.

Адептөө багыт берүү жана коркутуу чегинде жеңил болушу керек. Эгер буга муктаждык жаралса, он ирет уруудан ашырбоо зарыл. Бирок эң абзели – аларды урбастан, тескерисинче, багыт берүү, таалим берүү, насаат айтуу жана кызыктыруу аркылуу адепке чакыруу. Анткени бул нерсе кабыл алынышына көбүрөөк өбөлгө түзөт жана үйрөтүүдөгү жумшактык болуп саналат. Бул жагдайда адамдын абалдары ар түрдүү болот, ошондуктан эң туура жана ылайыктуу жолду жасоо керек.

Булактар

Сахих ал-Бухари (8/ 174) (6850).

Сахих Муслим (3/ 1332) (1708).

Сахих ал-Бухари (8/ 174) (6850).

Сахих Муслим (3/ 1332) (1708).

Дагы (8)

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

للبسام (ص677).

توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (5/ 465).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

للبسام (ص677).

توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (5/ 465).