Андан Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды кандай окуганы тууралуу суралды.
Ибн Аби Мулайка айтат:
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарынын биринин риваятында – Абу Амир айтат: Наафи: «Менимче ал аял Хафса болуш керек» деген – андан Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кырааты жөнүндө суралганда, ал: «Чынында, силердин буга күчүңөр жетпейт» - деди. Андан: «Аны бизге айтып берчи» - деп суранышты. Анан ал шашпай даана кыраат кылып окуп берди. Абу Амир айтат: Наафи айтты: Ошондо Ибн Абу Мулайка бизге минтип окуп көрсөттү: "Ааламдардын Раббиси болгон Аллахка мактоо болсун" [Фатиха: 2], анан бир азга токтоду. Анан "Мээримдүү, Ырайымдуу" [Фатиха: 1], дагы бир аз токтоду. анан: "Кыямат күнүнүн ээси" деп окуду.
عَنْ بَعْضِ أَزْوَاجِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ -قَالَ: أَبُو عَامِرٍ، قَالَ نَافِعٌ: أُرَاهَا حَفْصَةَ- أَنَّهَا سُئِلَتْ عَنْ قِرَاءَةِ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَتْ: إِنَّكُمْ لَا تَسْتَطِيعُونَهَا قَالَ: فَقِيلَ لَهَا أَخْبِرِينَا بِهَا. قَالَ: فَقَرَأَتْ قِرَاءَةً تَرَسَّلَتْ فِيهَا قَالَ أَبُو عَامِرٍ: قَالَ نَافِعٌ: فَحَكَى لَنَا ابْنُ أَبِي مُلَيْكَةَ {الحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ} [الفاتحة: 2] ثُمَّ قَطَّعَ {الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ} [الفاتحة: 1] ثُمَّ قَطَّعَ {مَالِكِ يَوْمِ الدِّينِ}.
Ыймандуулардын энеси Хафсадан (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды кандай окуганын сурашты. Ал: «Силер ага окшош окуй албайсынар да» - деди. Алар ага: «Бизге айтып берчи» - дешти. Наафи минтип айткан: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кантип кыраат кылганын аларга баяндап жана түшүндүрүп берүү үчүн, Ибн Аби Мулайка бизге шашпай кыраат кылып берди. Анан ал минтип окуду: "Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун", анан кыраатты токтотту, "Мээримдүү, Ырайымдуу", анан кыраатты токтотту, "Сурак күнүнүн падышасы" деп бөлүп-бөлүп окуду.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куран окууда көрсөткөн өрнөгү айтылган.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыраат кылуу тартибин көрсөткөн иш жүзүндөгү түшүндүрмө.
Куранды шашпастан жай окуунун шарият мыйзамына киргизилүүсү, себеби ал анын маанисине терең ой жүгүртүүгө көбүрөөк түрткү берет.
Абалкы салих адамдар Ыйык Куранга жана пайгамбардын амалдарына катуу маани беришкен.
Тажвидди жана Куран илимин билүүнүн маанилүүлүгү.
Муснад Ахмад (44/ 70) (26470).
Муснад Ахмад (44/ 70) (26470).
Дагы (2)
الفتح الرباني لترتيب مسند أحمد الشيباني (3/237).
الفتح الرباني لترتيب مسند أحمد الشيباني (3/237).