Skip to content

Мусулман адам арам кан төккөнгө чейин, өз дининде кеңири мүмкүнчүлүктө (кечиримдин алкагында) болот.

التصنيف الشرعي
الفقهالجنايات

Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:

"Мусулман адам арам кан төккөнгө чейин, өз дининде кеңири мүмкүнчүлүктө (кечиримдин алкагында) болот."

«لَنْ يَزَالَ المُؤْمِنُ فِي فُسْحَةٍ مِنْ دِينِهِ، مَا لَمْ يُصِبْ دَمًا حَرَامًا».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам каны арам болгон адамды өлтүргөнгө чейин, ал өзүнүн жакшы амалдарынын кененчилигинде жана Аллахтын мээрими менен кечиримин үмүт кылган абалында боло берерин кабарлаган. Ал качан каны арам болгон адамды өлтүрсө, анда ага амалдары тар болуп калат. Анткени анын амалдары адам өлтүрүүнүн оор жүгүн жана анын чоң күнөөсүн жууй албайт.

Хадистин пайдалары

Акысыз жана атайлап адам өлтүрүү өтө оор күнөө. Чындыгында ал ыймандуу адамды диндеги кененчиликтен тардыкка чыгарат.

Төгүлүшү арам кылынган кан төрт түргө бөлүнөт: 1- Мусулмандын каны, бул алардын эң улугу, 2- Зиммийдин каны, алар Ислам өлкөсүндө салык төлөөнү кабыл кылып, өз дининде калууга уруксат берилген жана аларга Ислам өкүмдөрү жүргүзүлгөн яхудийлер жана христиандар, 3- Муаахадтын каны, алар өз өлкөсүндө жашаган, биз менен алардын ортосунда тынчтык келишими бар, биз алар менен согушпай турган жана алар да биз менен согушпай турган каапырлар, 4- Мустаьмандын каны, ал биз менен ортодо коргоо келишими да, тынчтык келишим да жок болгон согуш абалындагы каапыр, бирок мамлекет башчысы же анын орун басарлары тарабынан мусулмандардын өлкөсүнө кирүүсү үчүн ага белгилүү бир убакытка амандык берилген.

Булактар

Сахих ал-Бухари (9/ 2) (6862).

Сахих ал-Бухари (9/ 2) (6862).

Дагы (4)

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (10/ 41).

تطريز رياض الصالحين (ص: 171).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (10/ 41).

تطريز رياض الصالحين (ص: 171).