Чындыгында, Аллах бул дүйнөдө адамдарды азаптагандарды азапка салат.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابفقه الأخلاقالأخلاق الذميمة
Хишам ибн Хаким ибн Хизамдан (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят: Ал Шам өлкөсүндө күндө тургузулуп коюлган набатилерден болгон адамдардын жанынан өтүп баратып: «Буларга эмне болгон?» — деп сурады. Алар: «Жизя төлөбөгөндүгү үчүн кармалышты» - дешти. Ошондо Хишам: «Күбөлүк берем, мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум» - деди:
«Чындыгында, Аллах бул дүйнөдө адамдарды азаптагандарды азапка салат».
«إِنَّ اللهَ يُعَذِّبُ الَّذِينَ يُعَذِّبُونَ النَّاسَ فِي الدُّنْيَا».
Хишам ибн Хаким ибн Хизам (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) Шам өлкөсүндө күндүн аптабында тургузулуп коюлган ажам (араб эмес) дыйкандардын жанынан өтүп бара жатып, алардын абалы жөнүндө сурайт? Алардын чамасы жетип турса да, (жизяны) төлөбөгөндүктөрү себептүү аларга ушундай мамиле жасалганы айтылды. Хишам (Аллах андан ыраазы болсун): «Күбөлүк берем, мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум» - деди. Чындыгында, Аллах бул дүйнөдө адамдарды акыйкатсыздык менен азаптагандарды азапка салат.
Жизя – бул китеп ээлеринин арасындагы бойго жеткен, колунда бар (бай) эркектерине, алардын коопсуздугун камсыздоо жана Ислам мамлекетинде жашагандыгы үчүн салынуучу салык.
Адамдарды, атүгүл каапырларды да, шарияттык негиздүү себеби жок кыйноого алууга тыюу салынат.
Залымдарды зулумдуктан эскертип, кайтаруу.
Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтарууну бекем карманышкан.
Ан-Навави минтип айткан: Бул негизсиз азап берүүгө тиешелүү. Демек, буга кысас, хадд, таазир жана ушул сыяктуу негиздүү жазалоолор кирбейт.
Сахих Муслим (4/ 2018) (2613).
Сахих Муслим (4/ 2018) (2613).
Дагы (20)
نزهة المتقين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1103).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (19/ 108).
بهجة الناظرين.
لسليم الهلالي (3/ 117).
مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
لعلي القاري (6/ 2301).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (6/ 295).
نزهة المتقين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1103).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (19/ 108).
بهجة الناظرين.
لسليم الهلالي (3/ 117).
مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
لعلي القاري (6/ 2301).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (6/ 295).