Skip to content

Аллах азаптоочу азап менен азаптабагыла.

التصنيف الشرعي
الفقهالحدودحد الردة

Икрима риваят кылат:

Али (ага Аллах ыраазы болсун) (динден чыкккан) адамдарды өрттөгөнго буйруган эле. Бул кабар Ибн Аббаска угулганда, ал мындай деди: Эгер мен болгонумда, аларды өрттөмөк эмесмин. Анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Аллах азаптай турган азап менен азаптабагыла». Мен аларды пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким динин алмаштырса, аны өлтүргүлө» деген сөзүнө амал кылып өлтүрмөкмүн.

أَنَّ عَلِيًّا رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ حَرَّقَ قَوْمًا، فَبَلَغَ ابْنَ عَبَّاسٍ فَقَالَ: لَوْ كُنْتُ أَنَا لَمْ أُحَرِّقْهُمْ لِأَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «لاَ تُعَذِّبُوا بِعَذَابِ اللَّهِ»، وَلَقَتَلْتُهُمْ كَمَا قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ بَدَّلَ دِينَهُ فَاقْتُلُوهُ».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Али бин Абу Талиб (ага Аллах ыраазы болсун) өзүнүн жеке ижтихад-ою менен Исламдан кайткан зындыктардын (динди четке каккан) бир тобун өрттөөөгө буйрук берет. Бул кабар Абдуллах бин Аббаска (Аллах ал экөөнө ыраазы болсун) жеткенде, ал аларды өлтүрүүсүн колдоду, бирок отко өрттөөсүнө каршы чыкты. Ал мындай деди: «Эгер мен анын ордунда болгонумда, аларды от менен өрттөбөйт элем. Анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) от менен оттун Роббиси болгон Аллахтан башка эч ким азаптабай тургандыгын баяндаган. Аларды (башка жол менен) өлтүрүү жетиштүү болот, себеби пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Ким Исламдан кайтып, динин башка динге алмаштырса, аны өлтүргүлө".

Хадистин пайдалары

Аалымдардын бирдиктүү пикири боюнча, Ислам дининен муртад болуп чыккан адамды өлтүрүү бар. Бул өзүнүн шарттарына ылайык болот жана аны имам менен казы гана ишке ашырат.

Анын: "Ким динин алмаштырса, аны өлтүргүлө" деген сөзү, башкача айтканда: ким Исламдан муртад болуп чыкса, бул эркектерге да, аялдарга да тиешелүү жалпы өкүм.

Муртад адам динден чыккан бойдон калтырылбайт, тескерисинче, ал Исламга чакырылат. Эгер кабыл албаса, өлүм жазасына тартылат.

Бул хадисте от менен азаптоого тыюу салынган жана шарият жазалары от менен аткарылбайт.

Ибн Аббастын (ага Аллах ыраазы болсун) артыкчылыгы, илиминин кенендиги жана пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадистерине болгон терең түшүнүгү.

Мында пикири каршы чыккан адамды кайтаруунун адеби бар.

Булактар

Сахих ал-Бухари (4/ 61) (3017).

Сахих ал-Бухари (4/ 61) (3017).

Дагы (28)

عمدة القاري شرح صحيح البخاري.

لبدر الدين العيني (14/ 264).

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (8/ 364).

توضيح الأحكام شرح بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (6/ 204).

فتح ذي الجلال والإكرام بشرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (5/ 218).

الإفصاح عن معاني الصحاح.

لابن هبيرة (3/ 190).

التوضيح لشرح الجامع الصحيح.

لابن الملقن (18/ 58).

نيل الأوطار.

للشوكاني (7/ 225).

عمدة القاري شرح صحيح البخاري.

لبدر الدين العيني (14/ 264).

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (8/ 364).

توضيح الأحكام شرح بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (6/ 204).

فتح ذي الجلال والإكرام بشرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (5/ 218).

الإفصاح عن معاني الصحاح.

لابن هبيرة (3/ 190).

التوضيح لشرح الجامع الصحيح.

لابن الملقن (18/ 58).

نيل الأوطار.

للشوكاني (7/ 225).