Skip to content

Сага тилеген нерселериң жана дагы ошончо берилет.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Чындыгында, силердин араңардан бейиштеги эң төмөнкү орунду ала турган адамга: "Каалаганыңды тиле!" - деп айтылат. Ал каалаганын тилейт жана дагы тилейт. Кийин андан: "Тиледиңби?" - деп суралат. Ал: "Ооба", - деп жооп берет. Ошондо ага: "Сага тилеген нерселериң жана дагы ошончо берилет", - деп айтылат».

«إِنَّ أَدْنَى مَقْعَدِ أَحَدِكُمْ مِنَ الْجَنَّةِ أَنْ يَقُولَ لَهُ: تَمَنَّ فَيَتَمَنَّى، وَيَتَمَنَّى، فَيَقُولُ لَهُ: هَلْ تَمَنَّيْتَ؟ فَيَقُولُ: نَعَمْ، فَيَقُولُ لَهُ: فَإِنَّ لَكَ مَا تَمَنَّيْتَ وَمِثْلَهُ مَعَهُ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейишке кирген адамдын эң төмөнкү даражасы жана орду жөнүндө мынтип кабарлайт: Ага каалаганыңды тиле! - деп айтылат. Ал каалаганын тилейт жана дагы тилейт, ошентип эч кандай каалоосу калбай калгыча тилейт. Анан тилегиң түгөндүбү? - деп сурайт, ал: ооба дейт, анан ага: Сага тилеген нерселериң жана дагы ошончо берилет, - деп айтат.

Хадистин пайдалары

Бейиш ээлеринин орундарындагы айырмачылык.

Аллах Тааланын берешендигинин улуктугун баяндоо.

Бейиш ырахаттары белгилүү бир нерсе менен гана чектелбейт, тескерисинче, ыймандуу пенде анда өзү каалаган жана көңүлү самаган бардык нерсени табат. Бул – Аллах Тааланын пазилетинен, айкөлдүгүнөн жана берешендигинен.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 167) (182).

Сахих Муслим (1/ 167) (182).

Дагы (16)

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

لعلي القاري (9/ 3585).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص1090).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (3/ 348).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1292).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

لعلي القاري (9/ 3585).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص1090).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (3/ 348).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1292).