Skip to content

Силерге бейиш ээлери кимдер экенин айтып берейинби? Алар — ар бир алсыз жана өзүн алсыз көрсөткөн адам, эгерде ал Аллахка ант ичсе, (Аллах) анын антын орундатат. Силерге тозок ээлери кимдер экенин айтып берейинби? Алар — ар бир орой, менменсинген жана текебер адам.

Хариса ибн Вахб аль-Хузаи (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын укканмын:

«Силерге бейиш ээлери кимдер экенин айтып берейинби? Алар — ар бир алсыз жана өзүн алсыз көрсөткөн адам, эгерде ал Аллахка ант ичсе, (Аллах) анын антын орундатат. Силерге тозок ээлери кимдер экенин айтып берейинби? Алар — ар бир орой, менменсинген жана текебер адам».

«أَلاَ أُخْبِرُكُمْ بِأَهْلِ الجَنَّةِ؟ كُلُّ ضَعِيفٍ مُتَضَعِّفٍ، لَوْ أَقْسَمَ عَلَى اللَّهِ لَأَبَرَّهُ، أَلاَ أُخْبِرُكُمْ بِأَهْلِ النَّارِ: كُلُّ عُتُلٍّ جَوَّاظٍ مُسْتَكْبِرٍ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейиш ээлери менен тозок ээлеринин айрым сыпаттары тууралуу кабар берди. Бейиш адамдарынын көбү: «ар бир алсыз жана өзүн алсыз көрсөткөн адам», башкача айтканда: кичипейил, Аллах Таалага моюн сунган, Ага баш ийүү менен өзүн төмөн туткан адам. Алтургай кээ бир адамдар аны алсыз көрүп, кемсинтишет. Аллахка өзүн төмөн туткан бул адам Аллах Тааланын берешендигинен үмүт кылып, Аллахтын аты менен касам иче турган болсо, Аллах анын касамын орундатып, касам ичкен нерсесин ишке ашырып берет жана анын суранычы менен дубасын кабыл кылат. Тозоктун ээлеринин көбү: ар бир «утулл» (орой) – ал орой, таш боор, чыр-чатакка жакын, же жакшылыкка моюн сунбаган адепсиз адам. «Жавваз» (менменсинген) – ал текебер, ашыкча көп жеген, дене-бойлуу (курсактуу, дүнүйөгө берилген), кекирейип баскан, кулк-мүнөзү жаман адам. «Мустакбир» (текебер) – акыйкатты четке кагып, башкаларды кемсинткен текебер адам.

Хадистин пайдалары

Бейиш ээлеринин сыпаттарына ээ болууга жана тозок ээлеринин сыпаттарынан сактанууга үндөө.

Улуу Кудуреттүү Аллах үчүн кичи пейил болуу – Анын буйруктарына жана тыюуларына баш ийип моюн сунуу менен болот. Ал эми маклуктарга (адамдарга) кичи пейил болуу – аларга текеберленбөө менен болот.

Ибн Хажар минтип айткан: Мунун мааниси, бейиш ээлеринин көбү ушулар, ошондой эле тозок ээлеринин көбү да экинчи бөлүктөгү адамдар. Бирок бул, эки тарап тең толугу менен ушундай адамдардан гана турат деген мааниде эмес.

Булактар

Сахих ал-Бухари (6/ 159) (4918).

Сахих Муслим (4/ 2190) (2853).

Сахих ал-Бухари (6/ 159) (4918).

Сахих Муслим (4/ 2190) (2853).

Дагы (16)

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (5/ 5).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 47).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 340).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 264).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (5/ 5).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 47).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 340).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 264).