Skip to content

Ким мусулман адамдын мал-мүлкүн тартып алуу үчүн жалган ант берсе, Аллахка ал Аллах ага ачууланган абалда жолугат.

Абдуллах ибн Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:

"Кимде-ким мусулман адамдын мал-мүлкүн тартып алуу үчүн жалган ант берсе, Аллахка ал Аллах ага ачууланган абалда жолугат." Ал-Ашас айтты: Аллахка ант, бул мен жөнүндө болгон. Мени менен бир Яхудийдин ортосунда жер бар эле, ал менин акымды танып койду. Анан мен аны Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып бардым. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага: "Сенин далилиң барбы?" - деди. Мен: Жок, - дедим. Ал Яхудийге: "Ант ич", - деди. Мен: Оо, Аллахтын элчиси, анда ал ант ичип, менин мал-мүлкүмдү алып кетет да", - дедим. Ошондо Аллах Таала: «Ал эми, Аллахка берген убадаларын жана анттарын арзыбаган баага сатып жиберген кишилер....» (Алу Имран сүрөсү, 77-аят) - деген аятты аягына чейин түшүрдү.

«مَنْ حَلَفَ عَلَى يَمِينٍ وَهُوَ فِيهَا فَاجِرٌ لِيَقْتَطِعَ بِهَا مَالَ امْرِئٍ مُسْلِمٍ، لَقِيَ اللَّهَ وَهُوَ عَلَيْهِ غَضْبَانُ». قَالَ: فَقَالَ الْأَشْعَثُ: فِيَّ وَاللَّهِ كَانَ ذَلِكَ؛ كَانَ بَيْنِي وَبَيْنَ رَجُلٍ مِنَ الْيَهُودِ أَرْضٌ، فَجَحَدَنِي، فَقَدَّمْتُهُ إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ لِي رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَلَكَ بَيِّنَةٌ؟» قُلْتُ: لَا. قَالَ: فَقَالَ لِلْيَهُودِيِّ: «احْلِفْ». قَالَ: قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، إِذَنْ يَحْلِفَ وَيَذْهَبَ بِمَالِي. فَأَنْزَلَ اللَّهُ تَعَالَى: {إِنَّ الَّذِينَ يَشْتَرُونَ بِعَهْدِ اللَّهِ وَأَيْمَانِهِمْ ثَمَنًا قَلِيلًا}. إِلَى آخِرِ الْآيَةِ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башка бирөөнүн мал-мүлкүн ээлеп алуу үчүн жалган экенин билип туруп Аллахтын аты менен ант ичүүдөн тыюу салып, катуу эскерткен. Анткени ал адам Аллахка, Аллах ага каарданган абалда жолугат. Ашас ибн Кайс (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлайт, аны менен бир яхудийдин ортосунда жерге ээлик кылуу боюнча талаш-тартыш болуп, алар өкүм сурап Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайрылышканда, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай деген: Доомат кылып жаткан нерсеңди тастыкташың үчүн күбө (далил) алып келишиң керек. Эгер күбө-далил алып келе албасаң, анда сен үчүн доомат кылынып жаткан каршылашыңдын касамынан башка эч нерсе жок. Ошондо Ашас айтты: Оо, Аллахтын элчиси, анда яхудий эч тартынбастан касам ичип, менин мал-мүлкүмдү тартып алат. Ошондо Аллах Таала муну тастыктап Курандагы бул сөзүн түшүрдү: «Ал эми, Аллахка берген убадаларын», Анын момундарга аманатты аткаруу тууралуу осуятын «жана анттарын», Анын ысымы менен жалган ант ичүүлөрүн дүйнөнүн арзыбаган буюмдарынан болгон «арзыбаган баага сатып жибергендер» жана алмаштыргандар – «мына ошолор үчүн Акыретте насип жок» жана эч кандай үлүш болбойт. «Жана Аллах аларга сүйлөбөйт», аларды кубанта тургандай жана пайда бере тургандай сөз менен, тескерисинче, аларга каарданат. «Жана Кыямат күнү аларга карабайт», ырайымдуулук жана жакшылык назары менен. «Жана аларды тазартпайт» эң жакшы мактоо менен, ошондой эле аларды кечирүү аркылуу күнөөлөрдөн жана ыпластыктардан тазалабайт. «Жана аларга жан ооруткан азап бар», кылган иштеринин себебинен кыйноочу азап бар.

Хадистин пайдалары

Адамдардын мал-мүлкүн жалган жол менен адал кылып алуудан тыюу.

Мусулмандардын акысы аз болобу, көп болобу, анын өтө оор экендиги.

Доомат кылган адам күбө (далил) алып келиши керек, ал эми доомат кылынып жаткан адам аны четке какса, касам ичиши керек.

Акылар эки күбө менен тастыкталат, эгерде доомат кылган адамда күбө-далил табылбаса, анда доомат кылынып жаткан адам касам ичиши керек.

Жалгандан касам ичүүнүн арамдыгы. Бул – касам ичүүчү ал аркылуу башка бирөөнүн акысын тартып алган жалган касам. Ал касам ичип жаткан адамды Аллах Тааланын каарына жана азабына дуушар кыла турган чоң күнөөлөрдөн.

Башчынын доолашуучуларга насаат айтуусу. Өзгөчө ант ичүүгө ниеттенген учурда.

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 121) (2416).

Сахих Муслим (1/ 123) (138).

Дагы (5)

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (2/ 136).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

للبسام (ص687).

فتاوى اللجنة الدائمة - اللجنة الدائمة للبحوث العلمية والإفتاء (23/ 513).