Skip to content

Жанында менин атым аталганда мага салават айтпаган адамдын тумшугу жерге тийсин (курусун); Рамазан айы кирип, күнөөлөрү кечириле электе ал ай узап кеткен адамдын тумшугу жерге тийсин; ата-энесинин көзү тирүүсүндө картайганын көрүп туруп, бирок (алардын кызматын кылып) бейишке кире албай калган адамдын тумшугу жерге тийсин!

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

«Жанында менин атым аталганда мага салават айтпаган адамдын тумшугу жерге тийсин (курусун); Рамазан айы кирип, күнөөлөрү кечириле электе ал ай узап кеткен адамдын тумшугу жерге тийсин; ата-энесинин көзү тирүүсүндө картайганын көрүп туруп, бирок (алардын кызматын кылып) бейишке кире албай калган адамдын тумшугу жерге тийсин!»

«رَغِمَ أَنْفُ رَجُلٍ ذُكِرْتُ عِنْدَهُ فَلَمْ يُصَلِّ عَلَيَّ، وَرَغِمَ أَنْفُ رَجُلٍ دَخَلَ عَلَيْهِ رَمَضَانُ ثُمَّ انْسَلَخَ قَبْلَ أَنْ يُغْفَرَ لَهُ، وَرَغِمَ أَنْفُ رَجُلٍ أَدْرَكَ عِنْدَهُ أَبَوَاهُ الكِبَرَ فَلَمْ يُدْخِلاَهُ الجَنَّةَ».

Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үч түрдүү адамдын куру каларын, кор болорун жана чоң зыянга учурарын билдирип: «Тумшугу жерге тийсин (кор болсун!)», — деп дуба кылган. Биринчиси: Жанында Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аты аталганда, «саллаллаху алейхи уа саллам», – деп же ушул сыяктуу сөздөр менен ага салават айтпаган адам. Экинчиси: Кимде-ким Рамазан айына жетип, бирок ибадаттарды аткарууда кемчилик кетиргени (кайдыгерлик кылганы) үчүн күнөөлөрү кечириле электе ал ай узап кетсе, ошол адам. Үчүнчүсү: Ата-энеси колунда карыса да, аларды нааразы кылганы жана алардын акыларын толук өтөбөгөнү үчүн, ошол ата-энесинин карыганы анын бейишке кирүүсүнө себеп боло албай калган адам.

Хадистин пайдалары

Ас-Синдий мындай деген: «Жыйынтыктап айтканда, булардын ар бири — эгер өздөрү кайдыгерлик кылбаганда — жакшылыктан мол үлүш ала турган сонун мүмкүнчүлүккө ээ болушкан эле. Бирок алар кайдыгерлик кылып, аны колдон чыгарып жибергендиктен, куру кол калып, чоң зыян тартышты».

Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аты аталган сайын салават айтууга кызыктыруу.

Рамазан айында ибадаттарды көбөйтүүгө жана аларды өзгөчө ыклас менен аткарууга үндөө.

Ата-энеге жакшы мамиле кылууга, аларды урматтоого, өзгөчө алар карыган кезде кызматтарын кылып, ыраазычылыгын алууга өзгөчө көңүл бурууга үндөйт.

Булактар

Сунан ат-Тирмизи (5/ 513) (3545).

Муснад Ахмад (12/ 421) (7451).

Сунан ат-Тирмизи (5/ 513) (3545).

Муснад Ахмад (12/ 421) (7451).

Дагы (20)

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 411).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 963).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

لعلي القاري (2/ 744).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 485).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص767).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 411).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 963).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

لعلي القاري (2/ 744).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 485).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص767).