Skip to content

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазда оң жана сол тарабына салам бергенде, мен анын жаагын көрчүмүн.

Саъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазда оң жана сол тарабына салам бергенде, мен анын жаагын көрчүмүн".

كُنْتُ أَرَى رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُسَلِّمُ عَنْ يَمِينِهِ، وَعَنْ يَسَارِهِ، حَتَّى أَرَى بَيَاضَ خَدِّهِ.

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Саад ибн Абу Вакас (ага Аллах ыраазы болсун) кабарлайт: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазда биринчи саламды оң тарабына, экинчисин сол тарабына бергенде толук бурулгандыктан, ал анын бетин даана көрчү.

Хадистин пайдалары

Оң жана сол тарапка башты көбүрөөк буруунун шариятта каралгандыгы.

Оңго жана солго эки жолу салам берүү шариятта бар.

Ан-Навави минтип айткан: Эгерде эки саламды тең оңго, же солго, же түз алдына карап, же биринчисин солго, экинчисин оңго берсе да, намазы жарактуу болот жана эки салам берилген болуп эсептелет. Бирок аларды берүүнүн тартибиндеги артыкчылыктан куру калат.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 409) (582).

Сахих Муслим (1/ 409) (582).

Дагы (4)

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (13/ 99).

مرقاة المصابيح شرح مشكاة المصابيح (4 /30).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (13/ 99).

مرقاة المصابيح شرح مشكاة المصابيح (4 /30).