Skip to content

Укл жана Урайна уруусунан адамдар келип, Мединанын абасы аларга жакпай калды.

Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

"Укл жана Урайна уруусунан бир канча адамдар Мединага келишти. Аларга ал жердин абасы жакпай ооруп калышканда, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга саамал төөлөргө барып, алардын заарасы менен сүтүнөн ичүүнү буйруду. Алар (айтылган жерге) жөнөп кетишти. Ошентип алар айыгып, сакайган кезде, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төө багуучусун өлтүрүп, төөлөрдү айдап кетишти. Бул кабар Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен жетти. Ошондо ал алардын артынан куугун жиберди. Ошентип күн көтөрүлгөндө аларды кармап келишти. Пайгамбардын буйругу менен алардын кол-буттары кесилип, көздөрүнө ысыган темир басылды жана алар аптаптуу таштак жерге ташталды. Алар суу сурап жатышты, бирок аларга суу берилген жок." Абу Килаба айтты: "Бул адамдар уурулук кылышты, киши өлтүрүштү, ыйманга келгенден кийин кайра каапыр болушту жана Аллах менен Анын Элчисине каршы согуш ачышты."

قَدِمَ أُنَاسٌ مِنْ عُكْلٍ أَوْ عُرَيْنَةَ، فَاجْتَوَوْا المَدِينَةَ فَأَمَرَهُمُ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِلِقَاحٍ، وَأَنْ يَشْرَبُوا مِنْ أَبْوَالِهَا وَأَلْبَانِهَا، فَانْطَلَقُوا، فَلَمَّا صَحُّوا قَتَلُوا رَاعِيَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، وَاسْتَاقُوا النَّعَمَ، فَجَاءَ الخَبَرُ فِي أَوَّلِ النَّهَارِ، فَبَعَثَ فِي آثَارِهِمْ، فَلَمَّا ارْتَفَعَ النَّهَارُ جِيءَ بِهِمْ، فَأَمَرَ فَقَطَعَ أَيْدِيَهُمْ وَأَرْجُلَهُمْ، وَسُمِرَتْ أَعْيُنُهُمْ، وَأُلْقُوا فِي الحَرَّةِ، يَسْتَسْقُونَ فَلاَ يُسْقَوْنَ، قَالَ أَبُو قِلاَبَةَ: فَهَؤُلاَءِ سَرَقُوا وَقَتَلُوا، وَكَفَرُوا بَعْدَ إِيمَانِهِمْ، وَحَارَبُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосуу болсун) Укл жана Урайна урууларынан мусулман болгон адамдар келишти. Анан алар ооруга чалдыгып, андан курсактары ишип кетти. Аларга Мадинанын тамагы жана абасы туура келбегендиктен, ал жерде турууну жактырышкан жок. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосуу болсун) аларга садака төөлөрүнө барып, алардын заарасынан жана сүтүнөн ичүүнү буйруду. Алар жөнөп кетишти. Алар айыгып, эттенип, өң-түстөрү калыбына келген кезде, Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосуу болсун) төө кайтаруучусун өлтүрүп, төөлөрдү айдап кетишти. Бул кабар эртең менен жетип, алардын артынан адамдарды жөнөтүп, аларды кууп жетишти. Күн көтөрүлгөн маалда аларды Аллахтын элчисине туткун кылып алып келишти. Ал алардын кол-буттарын кесүүгө жана көздөрүн оюуга буйрук берди, анткени алар төө багуучуга так ушундай мамиле кылышкан болчу. Анан алар таштак жерге ташталды. Алар суу сурашты, бирок өлүп калганга чейин аларга суу берилген жок. Абу Килаба мындай деди: "Алар уурулук кылышкан, адам өлтүрүшкөн, ыйман келтиргенден кийин каапыр болушкан жана Аллахка жана Анын элчисине каршы согушушкан."

Хадистин пайдалары

Эти желген жаныбарлардын заарасынын тазалыгы.

Төө сүтү жана заарасы менен дарылануунун жана медицинанын шариаттагы мыйзамдуулугу.

Өч алууда дал өзүндөй (теңме-тең) мамиле кылууга шариятта уруксат берилет. Ал эми өлүктү кордоого (дене мүчөлөрүн кескилеп кыйноого) салынган тыюу жазалоо жана касас жолунан башка учурларга тиешелүү.

Бир адам үчүн бир жамаат адамды өлтүрүү, мейли алар аны жашыруун түрдө өлтүрүшкөн болсун же каракчылык жолу менен өлтүрүшкөн болсун.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 56) (233).

Сахих Муслим (3/ 1296) (1671).

Сахих ал-Бухари (1/ 56) (233).

Сахих Муслим (3/ 1296) (1671).

Дагы (8)

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (1/ 298).

عمدة القاري شرح صحيح البخاري (3/ 154).

التوضيح لشرح الجامع الصحيح (4/ 455).

النهاية في غريب الحديث والأثر (1/ 318).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (1/ 298).

عمدة القاري شرح صحيح البخاري (3/ 154).

التوضيح لشرح الجامع الصحيح (4/ 455).

النهاية في غريب الحديث والأثر (1/ 318).