Анын мал-мүлкүнөн өзүңө жана балдарыңа жеткидей өлчөмдө гана ал.
Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Абу Суфяндын аялы Хинд бинт Утба Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын элчиси, Абу Суфян сараң адам, мен анын мал-мүлкүнөн ага билгизбей албасам, ал мага жана балдарыма жеткидей каражат бербейт. Ушул кылганым мага күнөө болобу?" - деп сурады. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Анын мал-мүлкүнөн өзүңө жана балдарыңа жеткидей өлчөмдө гана ал", - деди.
دَخَلَتْ هِنْدٌ بِنْتُ عُتْبَةَ امْرَأَةُ أَبِي سُفْيَانَ عَلَى رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَتْ: يَا رَسُولَ اللهِ، إِنَّ أَبَا سُفْيَانَ رَجُلٌ شَحِيحٌ، لَا يُعْطِينِي مِنَ النَّفَقَةِ مَا يَكْفِينِي وَيَكْفِي بَنِيَّ إِلَّا مَا أَخَذْتُ مِنْ مَالِهِ بِغَيْرِ عِلْمِهِ، فَهَلْ عَلَيَّ فِي ذَلِكَ مِنْ جُنَاحٍ؟ فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «خُذِي مِنْ مَالِهِ بِالْمَعْرُوفِ مَا يَكْفِيكِ وَيَكْفِي بَنِيكِ».
Хинд бинт Утба (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күйөөсү Абу Суфян (Аллах андан ыраазы болсун) жөнүндө сурап кайрылат. Ал анын зыкым, мал-мүлкүнө сараң киши экенин, эгерде күйөөсүнө билгизбей мал-мүлкүнөн жашыруун албаса, өзүнө жана балдарына жетиштүү нафака (каражат) бербей тургандыгын айтып, ушинтип алганы үчүн ага күнөө болобу деп сурайт. Ошондо Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Анын мал-мүлкүнөн өзүңө жана анын балдарына адатта жетиштүү деп билинген өлчөмдө, ал билбесе да ала бер, - деди.
Эркек кишиге Аялын жана балдарын каржылоо милдет.
Ибн Хажар айтат: "Анын «Анын малынан өзүңө жеткидей өлчөмдө гана ал» - дегенинен максат, шариятта так өлчөмү белгиленбеген нерселерде маселени үрп-адатка тапшыргандыгы."
Ибн Хажар айткан: "Бул хадисте фатва суроо, даттануу ж.б.у.с. иштерде, башка адам тууралуу ага жакпаган нерсени айтууга уруксат экенине далил бар. Бул гыйбат кылууга уруксат берилген учурлардын бири болуп саналат."
Имам Куртуби мынтип айткан: "Хинд Абу Суфянды бардык учурларда сараң деп сыпаттоону максат кылган эмес. Болгону, ал өзүнүн аны менен болгон абалын баяндап, өзүнө жана балдарына каражатты кысып бергенин айткан. Бул анын таптакыр сараң экендигин билдирбейт. Анткени, көптөгөн башчылар үй-бүлөсүнө ушундай мамиле кылып, бөтөн адамдардын көңүлүн өзүнө тартуу максатында аларга артыкчылык беришет."
Сахих ал-Бухари (3/ 79) (2211).
Сахих Муслим (3/ 1338) (1714).
Сахих ал-Бухари (3/ 79) (2211).
Сахих Муслим (3/ 1338) (1714).
Дагы (8)
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
للبسام (ص700).
الإعلام بفوائد عمدة الأحكام.
لابن الملقن (10/ 12).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
للبسام (ص700).
الإعلام بفوائد عمدة الأحكام.
لابن الملقن (10/ 12).