Skip to content

Мен наалат айтуучу болуп жиберилген эмесмин, ырайым кылуу үчүн жиберилгенмин.

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: «О Аллахтын элчиси, мушриктерге каршы дуба кылыңыз», - деп айтышты. Анда ал минтип жооп берди:

«Мен каргоочу болуп жиберилген эмесмин, ырайым кылуу үчүн жиберилгенмин».

«إِنِّي لَمْ أُبْعَثْ لَعَّانًا، وَإِنَّمَا بُعِثْتُ رَحْمَةً».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыздан Аллахка шерик кылган мушриктерге каршы дуба кылууну сурашканда, ал минтип айтты: «Мен Аллах тараптан адамдарды Анын ырайымынан алыстатууну жана кууп салууну тилеп дуба кылган, ошону менен аларды жакшылыктан ажыратуучу каргоочу болуп жиберилген эмесмин. Мен бул нерсе үчүн жиберилген эмесмин. Тескерисинче, жалпы адам баласына, өзгөчө момундарга жакшылыктын жана ырайымдын себепчиси болуу үчүн жиберилгенмин».

Хадистин пайдалары

Анын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү толук болгон.

Пайгамбарыбызга ээрчип, тилди сөгүнүүдөн жана наалат айтуудан сактоонун маанилүүлүгү.

Хадисте наалат айтууга тыюу салынат.

Адамдарга ырайымдуулук кылууга үндөө.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2006) (2599).

Сахих Муслим (4/ 2006) (2599).

Дагы (4)

المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (6/ 582).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (40/ 683).

المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (6/ 582).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (40/ 683).