Skip to content

Динардын төрттөн бири жана андан жогорусу үчүн кол кесилет.

التصنيف الشرعي
الفقهالحدودحد السرقة

Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Динардын төрттөн бири жана андан жогорусу үчүн кол кесилет».

«تُقْطَعُ اليَدُ فِي رُبُعِ دِينَارٍ فَصَاعِدًا».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уурунун колу алтын динардын төрттөн бири жана андан ашкан өлчөмдө уурулук кылганы үчүн кесилерин баяндаган. Анын баасы 1,06 грамм алтындын баасына барабар.

Хадистин пайдалары

Уурулук кылуу чоң күнөөлөрдүн бири.

Аллах Таала уурунун жазасын белгилеген, ал – анын колун кесүү. Бул Аллах Тааланын: «Уурулук кылган эркек жана аялдын колдорун кескиле!» (Маида сүрөөсү 38-аят) - деген сөзүндө айтылган. Ал эми Сүннөт бул кесүүнүн шарттарын баяндап берген.

Хадистеги «кол» деген сөздөн максат – билек менен алакандын кошулган жеринен (муундан) тартып кесүү.

Уурулук кылган адамдын колун кесүүнүн хикматтарынын бири – элдин мал-мүлкүн сактоо жана башка кол сунуучуларды токтотуу.

Динар – бул бир мискол алтын, ал азыркы күндө 24-пробадагы (4,25 граммга) барабар; демек, динардын төрттөн бир бөлүгү бир граммдан бир аз ашыгыраак өлчөмгө барабар.

Булактар

Сахих ал-Бухари (8/ 160) (6789).

Сахих Муслим (3/ 1312) (1684).

Сахих ал-Бухари (8/ 160) (6789).

Сахих Муслим (3/ 1312) (1684).

Дагы (10)

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (2/ 125).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام.

(ص665).

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (2/ 125).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام.

(ص665).