Эч кимиңер бир тууганына курал кезебесин, анткени ал билбейт, балким Шайтан анын колун түртүп жиберип, натыйжада ал тозоктун чуңкуруна түшүп калышы мүмкүн.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:
«Эч кимиңер (мусулман) бир тууганына курал кезебесин, анткени ал билбейт, балким Шайтан анын колун түртүп жиберип, натыйжада ал тозоктун чуңкуруна түшүп калышы мүмкүн».
«لاَ يُشِيرُ أَحَدُكُمْ عَلَى أَخِيهِ بِالسِّلاَحِ، فَإِنَّهُ لاَ يَدْرِي، لَعَلَّ الشَّيْطَانَ يَنْزِعُ فِي يَدِهِ، فَيَقَعُ فِي حُفْرَةٍ مِنَ النَّارِ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандын өзүнүн мусулман бир тууганына куралдын кайсы гана түрү менен болбосун ишарат кылуусунан эскертти. Анткени, ал билбейт, балким шайтан анын колундагы куралды түртүп кыймылдатып, натыйжада ал бир тууганын өлтүрүп же ага зыян келтирип алышы мүмкүн. Ошентип, ал өзүн тозоктун чуңкуруна түшүрө турган күнөөгө батат.
Мусулмандын каны арам экенин баяндоо.
Мусулманды урматтоо важиб жана ага сөз же иш-аракет менен жамандык жеткирүүдөн этият болуу. Тамаша иретинде болсо да темир же курал менен ишарат кылуу ушуга кирет. Анткени, шайтан анын колун түртүп, мусулман бир тууганын урууну ага кооз көрсөтүшү мүмкүн, же колунан куралды чыгарып жиберип, өз каалоосусуз эле бир тууганына зыян келтирип алышы ыктымал.
Арамга алып бара турган нерселерден кайтаруу менен зыяндардын алдын алуу.
Коомдун аманчылыгына умтулуу жана адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерин сактоо, ал тургай ишарат жана опузалоо менен болсо да аларды коркутпоо жана үрөйүн учурбоо.
Сахих ал-Бухари (9/ 49) (7072).
Сахих Муслим (4/ 2020) (2617).
Сахих ал-Бухари (9/ 49) (7072).
Сахих Муслим (4/ 2020) (2617).
Дагы (2)
عمدة القاري شرح صحيح البخاري (24/ 187).
عمدة القاري شرح صحيح البخاري (24/ 187).