“Кайсы бир мусулман жакшылап даарат алып, анан жүзү менен да, жүрөгү менен да берилип эки ирекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот”
Укба бин Амр (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Биз төөнү кезек менен кайтарчубуз. Бир күнү менин кезегим келип, кечинде төөлөрдү айдап келип жуушатып коюп келсем, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тике туруп адамдарга сүйлөп жаткан экен. Мен келип анын минтип айтып жатканын угуп калдым:
“Кайсы бир мусулман жакшылап даарат алып, анан жүзү менен да, жүрөгү менен да берилип эки ирекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот”. (Аны угуп): Кандай жакшы сөз... – деп жибердим (сүйүнүп). Менин жанымда турган киши: Мындан мурдагы айтканы мындан да жакшы болчу, – деди. Карасам, ал Умар (ага Аллах ыраазы болсун) экен. Ал мага карап: Сенин эми эле келгениңди көрдүм, сага чейин ал: “Кимдир бирөөңөр жакшылап толук даарат алып, анан: “Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху ва анна Мухаммадан аъбдуху ва расуулуху” деп айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылып алардын каалаганынан кирет” деп айтты" – деди.
«مَا مِنْ مُسْلِمٍ يَتَوَضَّأُ فَيُحْسِنُ وُضُوءَهُ، ثُمَّ يَقُومُ فَيُصَلِّي رَكْعَتَيْنِ، مُقْبِلٌ عَلَيْهِمَا بِقَلْبِهِ وَوَجْهِهِ، إِلَّا وَجَبَتْ لَهُ الْجَنَّةُ» قَالَ فَقُلْتُ: مَا أَجْوَدَ هَذِهِ، فَإِذَا قَائِلٌ بَيْنَ يَدَيَّ يَقُولُ: الَّتِي قَبْلَهَا أَجْوَدُ، فَنَظَرْتُ فَإِذَا عُمَرُ قَالَ: إِنِّي قَدْ رَأَيْتُكَ جِئْتَ آنِفًا، قَالَ: «مَا مِنْكُمْ مِنْ أَحَدٍ يَتَوَضَّأُ فَيُبْلِغُ - أَوْ فَيُسْبِغُ - الْوَضُوءَ ثُمَّ يَقُولُ: أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُ اللهِ وَرَسُولُهُ إِلَّا فُتِحَتْ لَهُ أَبْوَابُ الْجَنَّةِ الثَّمَانِيَةُ يَدْخُلُ مِنْ أَيِّهَا شَاءَ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга сүйлөп жатып эки чоң маанилүү нерсени айткан: Биринчи: Кимде-ким даарат алганда толук даарат алып, жеткиликтүү кылып сүннөттө көрсөтүлгөндөй ар бир мүчөнүн акысын берип кемчиликсиз даарат алса, анан: Ашхаду аллаа илааха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулуху деп келме айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылып, алардан каалаганынан кирет. Экинчи: Кимде-ким жогоруда айтылгандай толук жеткиликтүү даарат алса, анан чын ыкластан жүзү жана бүт дене мүчөсү менен Аллахка берилип эки рекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот.
Аллах Тааланын берешендиги абдан улук, жеңил ибадаттарга да чоң сооп-сыйлык берет.
Дааратты толук, кемчиликсиз алуу жана даараттан кийин эки ирекет намаз окуу шарияттагы кызыктырылган иштерден. Мында чоң сооп-сыйлык бар.
Толук даарат алуу жана андан кийин жогорудагыдай зикир айтуу бейишке кирүүнүн себептеринин бири.
Жуунгандан кийин да бул зикирди айтуу мустахаб.
Сахабалар билбегенин үйрөнүп, аны башкаларга жеткирип, жардам берүүгө куштар болушкан.
Даараттан кийин айтылчу зикрде жүрөктү ширктен тазалап, ыкласты бекемдей турган сөздөр айтылат. Даарат алганда да дене-мүчөлөр тазаланып, кирден арылат.
Сахих Муслим (1/ 209) (234).
Дагы (4)
توضيح الأحكام.
للبسام (1/ 251).
المنهاج شرح صحيح مسلم بن الحجاج.
للنووي (3/ 120).
Китептерде келтирилген
11 КитептерДагы (11)
- الأربعون في تعظيم قدر الصلاةالأربعون في تعظيم قدر الصلاة «مَا مِنْ مُسْلِمٍ يَتَوَضَّأُ فَيُحْسِنُ وُضُوءَهُ، ثُمَّ يَقُومُ فَيُصَلِّي رَكْـــــــعَتَيْنِ، مُقْبِلٌ عَلَيْهِمَا بِقَلْبِهِ وَوَجْــــهِهِ، إِلَّا وَجَبَتْ لَهُ الْجَنَّةُ».
- الخطب المنبرية موسوعة الخطب المنبرية (القسم الثاني)«مَا مِنْ مُسْلِمٍ يَتَوَضَّأُ فَيُحْسِنُ وُضُوءَهُ، ثُمَّ يَقُومُ فَيُصَلِّي رَكْعَتَيْنِ، مُقْبِلًا عَلَيْهِمَا بِقَلْبِهِ وَوَجْهِهِ، إِلَّا وَجَبَتْ لَهُ الجَنَّةُ»
- الذكر والدعاء والعلاج بالرقي من الكتاب والسنة"ما منكم من أحد يتوضأ فيسبغ الوضوء ثم يقول: "أشهد أن لا إله إلا الله وحده لا شريك له، وأشهد أن محمدًا عبده ورسوله: إلا فتحت له أبواب الجنة الثمانية يدخل من أيها شاء" .
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح“ما منكم مِن أحد يتوضأ فيبلغ أو فيسبغ الوضوء ثم يقول: (أشهد أن لا إله إلا الله، وأن محمدا عبد الله ورسوله) إلا فتحت له أبواب الجنة الثمانية يدخل من أيها شاء”.
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح“ما من مسلم يتوضأ فيحسن وضوءه، ثم يقوم فيصلي ركعتين، مقبل عليهما بقلبه ووجهه، إلا وجبت له الجنة”.
- خطب تعظيم قدر الصلاة"مَا مِنْ مُسْلِمٍ يَتَوَضَّأُ فَيُحْسِنُ وُضُوءَهُ، ثُمَّ يَقُومُ فَيُصَلِّي رَكْعَتَيْنِ، مُقْبِلٌ عَلَيْهِمَا بِقَلْبِهِ وَوَجْهِهِ، إِلَّا وَجَبَتْ لَهُ الْجَنَّةُ"
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (1)، والسيرة النبوبة (1)، والعقيدة (1)، والفقه (1)مجموعة زاد الفقه (1)«مَا مِنْكُمْ مِنْ أَحَدٍ يَتَوَضَّأُ فَيُسْبِغُ الْوَضُوءَ ثُمَّ يَقُولُ: أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اﷲُ وَأَنَّ مُحَمَّداً عَبْدُ اﷲِ وَرَسُولُهُ إِلَّا فُتِحَتْ لَهُ أَبْوَابُ الْجَنَّةِ الثَّمَانِيَةُ يَدْخُلُ مِنْ أَيِّهَا شَاءَ»
- مشروع منهاج زادكزادك 1 طالب«مَا مِنْكُمْ مِنْ أَحَدٍ يَتَوَضَّأُ فَيُبْلِغُ أَوْ فَيُسْبِغُ الْوَضُوءَ، ثُمَّ يَقُولُ: أَشْهَدُ أَن لَا إِلَهَ إِلاَ اللهُ وأَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُ اللهِ ورَسُولُهُ، إِلَّا فُتِحَتْ لَهُ أَبْوَابُ الْجَنَّةِ الثَّمَانِيَةُ يَدْخُلُ مِن
- من الأحكام الفقهية في الطهارة والصلاة والجنائز«مَا مِنْكُمْ مِنْ أَحَدٍ يَتَوَضَّأُ فَيُسْبِغُ الْوَضُوءَ، ثُمَّ يَقُولُ: أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُ اللهِ وَرَسُولُهُ إِلَّا فُتِحَتْ لَهُ أَبْوَابُ الْجَنَّةِ الثَّمَانِيَةُ يَدْخُلُ مِنْ أَيِّهَ
- نبراس طالب (1)1(أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا الله وأَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُ اللهِ وَرَسُولُهُ).
- نبراس طالب (1)1«مَا مِنْكُمْ مِنْ أَحَدٍ يَتَوَضَّأُ فَيُبْلِغُ أَوْ فَيُسْبِغُ الْوَضُوءَ، ثُمَّ يَقُولُ: أَشْهَدُ أَلَّا إِلَهَ إِلاَ اللهُ وأَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُ اللهِ ورَسُولُهُ، إِلَّا فُتِحَتْ لَهُ أَبْوَابُ الْجَنَّةِ الثَّمَانِيَةُ يَدْخُلُ مِنْ