Skip to content

Айт: Оо, Аллах! Мага адалды жетиштүү кылып, арамдан сакта жана Өзүңдүн пазилетиң менен мени башкаларга муктаж кылба.

Али (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Ага бир мукатаб (өзүн бошотуу үчүн кожоюну менен келишим түзгөн кул) келип: "Мен келишимдеги кунумду төлөй албай калдым, мага жардам бериңиз" - деди. Али айтты: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага үйрөткөн сөздөрдү сага үйрөтөйүнбү? Эгер мойнуңда Сир тоосундай карызың болсо да, Аллах аны сен үчүн өтөп берет." Ал айтты:

"Айткын: Оо, Аллах! Мага адалды жетиштүү кылып, арамдан сакта жана Өзүңдүн пазилетиң менен мени башкаларга муктаж кылба."

«قُلْ: اللَّهُمَّ اكْفِنِي بِحَلاَلِكَ عَنْ حَرَامِكَ، وَأَغْنِنِي بِفَضْلِكَ عَمَّنْ سِوَاكَ».

Ат-Тирмизи жазып калтырган.
Хасан (жакшы)
Чечмелөө

Момундардын амири Али ибн Абу Талибге (Аллах андан ыраазы болсун) кожоюну менен келишим түзүп, өз керт башын сатып алып, анан азат кылып эркиндикке чыгууга макулдашкан бир кул келди. Бирок анын каражаты жок болчу, ошондо ал мындай деди: Мен мойнумдагы карызымды төлөй албай калдым, андыктан аны төлөөгө мага мал-мүлк менен, же болбосо үйрөтүү жана насаат айтуу менен жардам бер. Момундардын амири ага мынтип айтты: Сага Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага үйрөткөн сөздөрдү үйрөтөйүнбү? Эгерде сенин мойнуңда Тайй уруусунун Сир деген тоосундай карызың болсо да, Аллах аны сенин ордуңа акы ээсине төлөп берет жана сени анын кордугунан куткарат. Али: Айткын: - деди: Оо, Аллахым! Мени Өзүңдүн адал кылганың менен канааттандырып (жеткиликтүү кылып), арам кылган нерселериңден алыс кыл. Жана Мени Өз берешендигиң менен Өзүңдөн башка эч кимге (жаратылган макулуктарга) муктаж кылба.

Хадистин пайдалары

Илим жана дин ээлеринен кеңеш жана ой-пикир суроо.

Илим ээлерине жана Аллах Тааланын динине чакыруучуларга адамдарга жол көрсөтүүлөрү жана аларды өздөрүнө туш болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жардам бере турган нерселерге багыттоолору зарыл.

Мукатаб кулга (өзүн бошотуу үчүн кожоюну менен келишим түзгөн кул) жардам берүүгө кызыктыруу.

Бул дубаны үйрөнүүгө жана аны менен Аллахтан суроого кызыктыруу.

Адал ырыскы аз болсо да, көп болгон арам мал-мүлктөн жакшы.

Аллахты жетиштүү деп билип, макулуктарга муктаж болбоо.

Эгерде сенде сурап келген адамга бере турган эч нерсең жок болсо, ага жакшы жооп кайтарууга кызыктыруу.

Булактар

Сунан ат-Тирмизи (5/ 526) (3563).

Дагы (9)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 565).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1013).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (17/ 456).

فيض القدير شرح الجامع الصغير.

للمناوي (3/ 111).

النهاية في غريب الحديث والأثر (3/ 9).