Skip to content

Ким Исламды кабыл алып, жетиштүү ырыскы берилип жана Аллах ага берген нерсесине каниеттүү кылган болсо, ал ийгиликке жетти.

Абдулла ибн Амр ибн ал-Аас (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтты:

«Ким Исламды кабыл алып, жетиштүү ырыскы берилип жана Аллах ага берген нерсесине каниеттүү кылган болсо, ал ийгиликке жетти».

«قَدْ أَفْلَحَ مَن أَسْلَمَ، وَرُزِقَ كَفَافًا، وَقَنَّعَهُ اللَّهُ بما آتَاهُ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким Раббисине моюн сунуп, туура жолго башталып жана Исламга багытталса, ага адалдан ашыкча да, кем да эмес, өз муктаждыгына жараша ырыскы берилсе жана Аллах аны Өзү берген нерсеге каниеттүү жана ыраазы кылса, ал адам чындыгында ийгиликке жана жеңишке жеткендигин баян кылган.

Хадистин пайдалары

Адамдын бактылуулугу – дининин толуктугунда, жашоо-тиричилигинин жетиштүүлүгүндө жана Аллахтын бергенине каниет кылуусунда.

Ислам жана сүннөт менен бирге дүйнөдөн сага берилген нерсеге каниет кылууга кызыктыруу.

Булактар

Сахих Муслим (2/ 730) (1054).

Сахих Муслим (2/ 730) (1054).

Дагы (12)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 447).

فيض القدير شرح الجامع الصغير.

للمناوي (4/ 508).

تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي.

لأبي العلا المباركفوري (7/ 11).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 447).

فيض القدير شرح الجامع الصغير.

للمناوي (4/ 508).

تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي.

لأبي العلا المباركفوري (7/ 11).