Skip to content

Раббиңерди ушул айды көрүп турган сыяктуу көрөсүңөр, Аны көрүүдө эч кыйналбайсыңар

Жарир бин Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Биз Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында элек. Ал түнкү айга, тагыраак айтканда, толуп турган айга карап: " Раббиңерди ушул айды көрүп турган сыяктуу көрөсүңөр, Аны көрүүдө эч кыйналбайсыңар. Эгер күн батардагы жана күн чыгардагы намазга тоскоолдуктарды жеңе аласаңар, анда ушул эки намазды аткаргыла" - деди да, анан: "Күн чыгардан мурда жана күн батарда Раббиңе мактоо айтуу менен Аны аруула" деген аятты окуду.

كُنَّا عِنْدَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَنَظَرَ إِلَى الْقَمَرِ لَيْلَةً -يَعْنِي الْبَدْرَ- فَقَالَ: «إِنَّكُمْ سَتَرَوْنَ رَبَّكُمْ كَمَا تَرَوْنَ هَذَا الْقَمَرَ، لَا تُضَامُونَ فِي رُؤْيَتِهِ، فَإِنِ اسْتَطَعْتُمْ أَنْ لَا تُغْلَبُوا عَلَى صَلَاةٍ قَبْلَ طُلُوعِ الشَّمْسِ وَقَبْلَ غُرُوبِهَا فَافْعَلُوا» ثُمَّ قَرَأَ: «{وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ قَبْلَ طُلُوعِ الشَّمْسِ وَقَبْلَ الْغُرُوبِ}»

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Бир түнү сахабалар Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге отурганда, ал он төртүнө толуп турган айга карап мындай дейт: Чынында ыймандуу пенделер Раббисин акыйкат, өз көздөрү менен эч шексиз көрүшөт. Аллах Тааланы көрүүдө аларда тыгын да, кыйынчылык да, чарчоо да болбойт. Андан кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Эгер багымдат жана дигер намазынан силерди алагды кыла турган себептерди жогото алсаңар, анда ошондой кылгыла, бул эки намазга өз убагында жамаат менен окууга келгиле. Анткени бул Улук Аллах Тааланын жүзүн көрүүгө себеп болот. Андан кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул аятты окуду: "Күн чыгардан мурда жана күн батарда Раббиңе мактоо айтуу менен Аны аруула".

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Ыйман ээлерине бейиште Аллах Тааланы көрөрү тууралуу сүйүнчү кабар.

Бышыктап айтуу, кызыктыруу жана мисал келтирүү - булар, дааваттын услуб-ыкмаларынан.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 115) (554).

(6/ 139) (4851).

Сахих Муслим (1/ 439) (633).

Дагы (12)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 259).

تذكرة المؤتسي شرح عقيدة الحافظ عبد الغني المقدسي.

لعبدالرزاق البدر (ص177).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 734).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمصطفى الخِن وغيره (2/ 776).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (13/ 271).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص1091).