"Мага менден мурдагы пайгамбарларга берилбеген беш нерсе берилди
Жабир бин Абдуллах (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Мага менден мурдагы пайгамбарларга берилбеген беш нерсе берилди : бир айлык аралыктан душмандарымдын жүргүндөгү коркунуч аркылуу жеңиш берилди. Жер бетинин баары мага намаз окуганга жарактуу жана тазаланганга жарактуу болду. Үммөтүмдөн ким кайсы жерде болсо, ошол жерде намазын окуй берсин. Мага олжо адал болду. Мага чейин эч кимге олжо адал эмес эле. Мага шапаат кылуу артыкчылыгы берилди. Мага чейинки пайгамбарлар өзүнүн гана элине жиберилсе, мен жалпы адам баласына жиберилдим".
«أُعْطِيتُ خَمْسًا لَمْ يُعْطَهُنَّ أَحَدٌ قَبْلِي: نُصِرْتُ بِالرُّعْبِ مَسِيرَةَ شَهْرٍ، وَجُعِلَتْ لِي الأَرْضُ مَسْجِدًا وَطَهُورًا، فَأَيُّمَا رَجُلٍ مِنْ أُمَّتِي أَدْرَكَتْهُ الصَّلاَةُ فَلْيُصَلِّ، وَأُحِلَّتْ لِي المَغَانِمُ، وَلَمْ تَحِلَّ لِأَحَدٍ قَبْلِي، وَأُعْطِيتُ الشَّفَاعَةَ، وَكَانَ النَّبِيُّ يُبْعَثُ إِلَى قَوْمِهِ خَاصَّةً وَبُعِثْتُ إِلَى النَّاسِ عَامَّةً».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мурдагы пайгамбарларга берилбеген беш нерсе берилгенин кабарлайт: Биринчиси: Мени менен душмандарымдын аралыгы бир айлык сапар болгонуна карабастан, Аллах Таала алардын жүрөгүнө коркунуч салып, мага жардам (жеңиш) берди. Экинчиси: Жер бети бизге намаз окууга жарактуу болду. Кайсы жерде болсок ошол жерде намаз окуй беребиз. Ошондой эле суу жок учурда таямум кылганга жердин топурагы таза болду. Үчүнчүсү: Согуштан түшкөн олжолор да адал болду. Олжо деп, мусулмандар каапырлар менен согушуп жеңишке жетишкенде алардан калган мал-мүлккө айтылат. Төртүнчүсү: Адамдарды кыямат күнүнүн коркунучунан куткаруу үчүн шапаат кылуу артыкчылыгы берилди. Бешинчиси: Мен жалпы калайыкка, инсандарга да, жиндерге да пайгамбар болуп жиберилдим. Мурдагы пайгамбарларда андай болгон эмес. Алар ар кимиси өзүнө тиешелүү элине гана жиберилген.
Аллахка шүгүр кылып, Ал берген жакшылыктарды айтуу шариятта уруксат.
Аллах Тааланын биздин үммөткө жана анын пайгамбарына ушундай артыкчылыктарды бергени, Анын чексиз берешендигинен.
Кандай абалда болбосун, намазды өз убагында окуу важыб. Намаздын шарттарын, рүкүндөрүн жана важыбдарын колдон келишинче аткаруу керек.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башка пайгамбарлардан өзгөчөлөнгөн шапааты бир канча түрдүү болот; Бири: жалпы калайыкты эсеп-кысап кылууга шапаат кылуусу. Дагы бири: Бейишке кирүүчүлөрдү бейишке кирүүгө шапаат кылуусу. Дагы бири: Каапыр абалында өткөн агасы Абу Талибдин азабын жеңилдетүү үчүн кылган шапааты, ж.б.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул хадисте айтылгандан сырткары да көптөгөн өзгөчөлүктөрү бар. Мисалга: ага кыска сөз менен көп маанини түшүндүрө турган чечендик, пайгамбарлардын мөөрү, ошондой эле биздин сапта туруубуз периштелердин сабына окшош экендиги, ж.б. өзгөчөлүктөр бар.
Сахих ал-Бухари (1/ 74) (335).
Сахих Муслим (1/ 370) (521).
Дагы (4)
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
للبسام (ص74).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.
لابن عثيمين (1/ 94).
Китептерде келтирилген
5 КитептерДагы (5)
- الخطب المنبريةموسوعة الخطب المنبرية (القسم الثالث)«وَجُعِلَتْ لِيَ الْأَرْضُ مَسْجِدًا وَطَهُورًا، فَأَيُّمَا رَجُلٍ مِنْ أُمَّتِي أَدْرَكَتْهُ الصَّلَاةُ فَلْيُصَلِّ»
- مباحث في أصول الدين1«أعطيت خمسًا لم يعطهنّ أحدٌ قبلي: نصرت بالرّعب مسيرة شهرٍ، وجعلت لي الأرض مسجدًا وطهورًا، فأيّمـا رجلٍ من أمّتي أدركته الصّلاة فليصلّ، وأحلّت لي المغانم ولم تحلّ لأحدٍ قبلـي...»
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (1)، والسيرة النبوبة (1)، والعقيدة (1)، والفقه (1)التربية الأسلامية 1«وكان النبي يُبعث إلى قومه خاصة وبُعثت إلى الناس عامة».
- مشروع المنهج التعليميمادة الفقه مستوى 3«وجُعلتْ لي الأرضً مسجدًا وطهورًا».
- من الأحكام الفقهية في الطهارة والصلاة والجنائز«وَجُعِلَتْ لِي الْأَرْضُ مَسْجِدًا وَطَهُورًا» [6]،