Чындыгында дүйнө наалатталган (каргышка калган), андагы нерселер да наалатталган. Бир гана Аллахты зикир кылуу жана Ага жакындаткан (Аллах сүйгөн) иштер, аалым (илим үйрөтүүчү) же илим алуучу гана мындан тышкары.
- التصنيف الشرعي
- الأدعية والأذكار والرقائقالرقائق والمواعظذم حب الدنيا
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум:
"Чындыгында дүйнө наалатталган (каргышка калган), андагы нерселер да наалатталган. Бир гана Аллахты зикир кылуу жана Ага жакындаткан (Аллах сүйгөн) иштер, аалым (илим үйрөтүүчү) же илим алуучу гана мындан тышкары."
«أَلاَ إِنَّ الدُّنْيَا مَلْعُونَةٌ، مَلْعُونٌ مَا فِيهَا، إِلاَّ ذِكْرُ اللهِ وَمَا وَالاَهُ وَعَالِمٌ أَوْ مُتَعَلِّمٌ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнө жана андагы нерселер Аллахка жек көрүлгөн, айыпталган, ташталган жана алыстатылган экенин, андагы нерселердин ташталганын жана мактоого татыбастыгын кабарлаган. Анткени ал жана андагы бардык нерселер Аллах Тааладан алаксытып, Андан алыстатат. Бир гана Аллахты зикир кылуу жана ага жакын болгон, Аллах жакшы көргөн ибадаттар, ошондой эле адамдарга шарият илимин үйрөткөн аалым жана илим үйрөнүүчү адам андай эмес.
Дүйнөнү жалпысынан наалаттоого болбойт, анткени мындан тыйган хадистер келген. Бирок андагы Аллах Тааладан алыстаткан жана Ага баш ийүүдөн алаксыткан нерселерди наалаттоого уруксат берилет.
Бул дүйнөдөгү бардык нерсе тек гана оюн-зоок жана убаракерчилик, бир гана Аллахты эстеп зикир кылуу жана ага себепчи, көмөкчү болгон нерселерден башкасы.
Илимдин, илимдүүлөрдүн жана илим алуучулардын артыкчылыгын баяндоо.
Ибн Таймийя мынтип айткан: "Дүйнөдөн айыптала турганы – туура эмес жол менен табылган арам, же көбөйтүү жана мактануу максатында топтолгон адал, ошондой эле мактануу жана атаандашуу максатында жыйналган нерселер. Мына ушулар акыл ээлеринин алдында жек көрүндү болуп саналат."
Сунан ат-Тирмизи (4/ 151) (2322).
Сунан Ибн Маажа (5/ 231) (4112).
Сунан ат-Тирмизи (4/ 151) (2322).
Сунан Ибн Маажа (5/ 231) (4112).
Дагы (16)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 542).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 424).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (7/ 325).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 374).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 542).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 424).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (7/ 325).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 374).