"Жети мүчөмдү жерге тийгизип сажда кылууга
Ибн Аббастын (Аллах алардан ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Жети мүчөмдү жерге тийгизип сажда кылууга : Бешене, анан колу менен мурдун көрсөтүп ишаара кылды, эки кол, эки тизе жана эки буттун учу. Ошондой эле кийимди кымтыланбоого жана чачты байлап албоого буйрулдум".
«أُمِرْتُ أَنْ أَسْجُدَ عَلَى سَبْعَةِ أَعْظُمٍ: عَلَى الْجَبْهَةِ وَأَشَارَ بِيَدِهِ عَلَى أَنْفِهِ، وَالْيَدَيْنِ، وَالرُّكْبَتَيْنِ، وَأَطْرَافِ الْقَدَمَيْنِ، وَلَا نَكْفِتَ الثِّيَابَ وَالشَّعَرَ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала аны сажда кылганда жети мүчөсү менен сажда кылууга буйруганын айтат. Алар: Биринчи: бешене, ал: эки көз менен мурундун өйдө жагындагы жүздүн жайык жери. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мурун менен бешене экөө биригип жети мүчөнүн бири экенин баяндап жана сажда кылган адам мурдун жерге тийгизүүсү зарыл экенин бышыктап, мурдун колу менен ишаара кылып көрсөткөн. Экинчи жана үчүнчү мүчөлөр: эки кол. Төртүнчү жана бешинчиси: эки тизе. Алтынчы жана жетинчиси: эки буттун манжалары. Анан бизди жерге сажда кылган учурда этияттап чачыбызды байлап алуудан, кийимди бирине-бирин киргизип кымтылануудан тыйган. Тескерисинче, аларды жөн таштап койобуз, башка мүчөлөрдөй эле жерге тийип сажда кылуусу үчүн.
ولا نَكْفِت: الكَفت: الجَمع والضَّم.
Намазда сажда жети мүчө менен кылынуусу важиб.
Намазда кийимди, чачты кымтылап байлоо макирөө.
Намаз окуучу адамга намазда бейпил, тынч болуусу важиб. Бул саждадагы жети мүчөнү жерге тегиз тийгизип, шариятта айтылган зикр-дубаларды айтканча саждада шашпай туруу менен болот.
Чачты байлоодон тыюу эркектерге гана тиешелүү. Анткени аял киши намазда толук жамынып окууга буйрулган.
Сахих ал-Бухари (1/ 162) (812).
Сахих Муслим (1/ 354) (490).
Дагы (12)
المنهاج شرح صحيح مسلم.
للنووي (4/ 206).
مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
لعلي القاري (2/ 718).
سبل السلام شرح بلوغ المرام.
للصنعاني (1/ 270).
توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (2/ 229).
فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (2/ 115).
منار القاري.
لحمزة قاسم (2/ 202).
Китептерде келтирилген
2 КитептерДагы (2)
- المناهج التعليمية - الصف الرابعالمناهج التعليمية - الصف الرابع - الفقه«أُمِرْتُ أَنْ أَسْجُدَ عَلَى سَبْعَةِ أَعْظُمٍ: عَلَى الجَبْهَةِ - وَأَشَارَ بِيَدِهِ عَلَى أَنْفِهِ -، وَاليَدَيْنِ، وَالرُّكْبَتَيْنِ، وَأَطْرَافِ القَدَمَيْنِ» [26].
- شروط الصلاة وأركانها وواجباتها«أُمِرْتُ أَنْ أَسْجُدَ عَلَى سَبْعَةِ أَعْظُمٍ»[91][92]،