Силерге эң жакшыңар жана эң жаманыңар ким экенин айтып берейинби?
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابفقه الأخلاقالأخلاق الحميدة
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) отурган адамдардын жанына токтоп, мындай деди:
«Силерге жаманыңар жана жакшыңар ким экенин айтып берейинби?» Алар унчугушпады. Ал муну үч жолу кайталады. Ошондо бир киши: «Ооба, о Аллахтын элчиси, бизге жаманыбызды да, жакшыбызды да айтып бериңиз» - деди. Ал: «Силердин жакшыңар – андан жакшылык үмүт кылынган жана жамандыгынан башкалар коопсуз болгон адам. Ал эми эң жаманыңар – андан жакшылык үмүт кылынбаган жана жамандыгынан башкалар коопсуз болбогон адам» - деди.
«أَلاَ أُخْبِرُكُمْ بِخَيْرِكُمْ مِنْ شَرِّكُمْ؟» قَالَ: فَسَكَتُوا، فَقَالَ ذَلِكَ ثَلاَثَ مَرَّاتٍ، فَقَالَ رَجُلٌ: بَلَى يَا رَسُولَ اللهِ، أَخْبِرْنَا بِخَيْرِنَا مِنْ شَرِّنَا، قَالَ: «خَيْرُكُمْ مَنْ يُرْجَى خَيْرُهُ وَيُؤْمَنُ شَرُّهُ، وَشَرُّكُمْ مَنْ لاَ يُرْجَى خَيْرُهُ وَلاَ يُؤْمَنُ شَرُّهُ».
Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир топ сахабалары отурган жерге келип, алардан: Силердин жакшыңар ким жана жаманыңар ким экенин билдирип, эскерейинби? - деп сурады. Алар жакшы менен жаманы айырмаланып ачыкка чыгып калуусунан жана уят болуп калуудан чочулап эч нерсе дебей, жооп бербей унчукпай калышты. Пайгамбарыбыз аларга суроону үч жолу кайталады. Ошондо алардын арасынан бирөөсү: «Ооба, о Аллахтын элчиси, бизге жакшыбыз менен жаманыбызды айтып бериңиз» - деди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга: «Силердин жакшырагыңар – жакшылыгынан, кайрымдуулугунан жана сооп иштеринен үмүт болуп күтүлгөн, ошондой эле жамандыгынан аман болуп, анын зомбулугунан, зыянынан жана зулумдугунан эч ким коркпогон адам. Ал эми силердин жаманыңар – жакшылыгынан, кайрымдуулугунан жана сооп иштеринен эч нерсе үмүт кылынбаган жана күтүлбөгөн, ошондой эле жамандыгынан аман болбой, тескерисинче, анын зомбулугунан, зыянынан жана зулумдугунан эл корккон адам», - деп баяндады.
Адамдардын эң жакшысын жана эң жаманын баяндоо.
Өзгөлөргө тийген пайда жана зыян, өзү менен гана чектелген пайда жана зыянга караганда чоңураак.
Жакшы мүнөздүү болууга, адамдар менен жакшы мамиле кылууга үндөп, зулумдуктан, жамандыктан жана кастыктан кайтарат.
Сунан ат-Тирмизи (4/ 98) (2263).
Сунан ат-Тирмизи (4/ 98) (2263).
Дагы (4)
التيسير بشرح الجامع الصغير (1/ 395).
تحفة الأحوذي (6/ 445).
التيسير بشرح الجامع الصغير (1/ 395).
تحفة الأحوذي (6/ 445).