Skip to content

«Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жумага чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болсо».

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айткан эле:

«Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жумага чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болсо».

«الصَّلَوَاتُ الْخَمْسُ، وَالْجُمُعَةُ إِلَى الْجُمُعَةِ، وَرَمَضَانُ إِلَى رَمَضَانَ، مُكَفِّرَاتٌ مَا بَيْنَهُنَّ إِذَا اجْتَنَبَ الْكَبَائِرَ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чоң күнөөлөрдөн алыс болуу шарты менен бир күндөгү беш убак парз намаздардын ортосундагы, ар бир аптадагы жума намазы менен кийинки жума намазын ортосундагы жана жыл сайын рамазан айындагы орозо менен кийинки орозонун ортосундагы кичине күнөөлөрдүн кечирилишин кабарлап жатат. Ал эми зына жана арак ичүү, ж.б.у.с. чоң күнөөлөр тооба менен гана кечирилет.

Сөздөрдүн маанилери

مكفرات: ماحيات.

Хадистин пайдалары

Күнөөлөр чоң жана кичине болуп бөлүнөт.

Чоң күнөөлөрдөн алыс болуу шарты менен гана кичине күнөөлөр кечирилет.

Чоң күнөө - бул дүйнөдө анын жазасы баяндалган. Акыретте анын азапталышы тууралуу жана Аллахтын ага ачуулануусу тууралуу убада келген. Аны кылган адамга экертүү керек же ал Аллахтын каргышына калат. Чоң күнөөлөр зына же арак ичүү, ж.б.у.с.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 209) (233).

Дагы (8)

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (2/ 183).

نزهة المتقين بشرح رياض الصالحين.

لمصطفى سعيد الخن (1/ 158).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص108).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم بن عيد الهلالي (1/ 209).