Skip to content

"Тамактанып анан Ага (Аллахка) алкыш-мактоо айткан же суусундук ичип анан Ага алкыш мактоо айткан адамга Аллах Таала ыраазы болот".

Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Тамактанып анан Ага (Аллахка) алкыш-мактоо айткан же суусундук ичип анан Ага алкыш мактоо айткан адамга Аллах Таала ыраазы болот".

«إِنَّ اللهَ لَيَرْضَى عَنِ الْعَبْدِ أَنْ يَأْكُلَ الْأَكْلَةَ فَيَحْمَدَهُ عَلَيْهَا، أَوْ يَشْرَبَ الشَّرْبَةَ فَيَحْمَدَهُ عَلَيْهَا».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пенденин Раббисине Анын берешендиги жана берген нээматы үчүн мактоо айтуусу Аллах Тааланын ыраазылыгына жеткире турган иштерден экенин баяндаган. Тамактангандан кийин "алхамду лиллах" дейт, суусундук ичкенден кийин да "алхамду лиллах" дейт.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Ырыскы менен сыйлап, анан кайра ага айтылган мактоого ыраазы болуу Аллах Тааланын берешендигинен.

Аллахтын ыраазылыгына оңой эле себептер менен жетүүгө болот, жеп жана ичкенден кийин алкыш-мактоо айтуу сыяктуу.

Жеп, ичкенден кийин дароо Аллах Таалага мактоо айтуу - тамактануу жана суусундук ичүүнүн адептеринен болуп саналат.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2095) (2734).

Дагы (10)

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمصطفى الخن وغيره (1/ 164).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 215).

شرح رياض الصالحين من كلام سيد المرسلين.

لابن عثيمين (2/ 203).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين.

تطرز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص764).