«Чындыгында, Аллахтын алдында адамдардын эң жаманы – өтө талашчаак адам».
Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Чындыгында, Аллахтын алдында адамдардын эң жаманы – өтө талашчаак адам».
«إِنَّ أَبْغَضَ الرِّجَالِ إِلَى اللهِ الْأَلَدُّ الْخَصِمُ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын бизге өтө талашчаак жана көп талашып-тартышкан адамдарды жана талашып аны коргоого аракет кылган адамды жек көрөрүн кабар берип жатат. Аллах Таала акыйкат менен талашып, бирок талаш-тартышты көбүртүп-жабыртып, чектен чыгып, билимсиз талашкан адамды жаман көрөт.
...:
Юридикалык кайрылуу жолу менен зулум чеккен адамдын укугун талап кылуу айыптуу талаштардын катарына кирбейт.
Мусулмандардын арасында бөлүнүүгө жана душмандашууга себеп болгон тилдин балээлеринин бири – талашуу жана араздашуу .
Талашып-тартышуу акыйкат жөнүндө болсо жана анын ыкмасы жакшы болсо, анда мактоого татыктуу болот. Ал эми талашып-тартышуу акыйкатты жокко чыгаруу жана батылды орнотуу үчүн болсо же далилсиз болсо, анда жамандалган болот.
Сахих ал-Бухари (3/ 131) (2457).
Сахих Муслим (4/ 2054) (2668).
Дагы (8)
توضيح الأحكام من بلوغ المرام.
للبسام (7/ 476).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (10/ 308).
فتح ذي الجلال والإكرام.
لابن عثيمين (6/ 416).
سبل السلام بشرح بلوغ المرام.
للصنعاني (2/ 685).