Skip to content

Силерден мурунку өткөн элдерде бир падыша бар эле.

Сухайб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Силерден мурунку өткөн элдерде бир падыша бар эле. Анын бир сыйкырчысы болгон. Ал картайганда падышага: «Мен картайдым, мага бир баланы жөнөт, ага сыйкырчылыкты үйрөтөйүн», - деди. (Падыша) ага үйрөтүүсү үчүн бир баланы жөнөттү. Баланын (сыйкырчыга каттаган) жолунда бир кечил жашачу. Бала ага кирип, сөздөрүн угуп, ал ага жагып калды. Ошентип, ал сыйкырчыга баратканда кечилге да кирип, анын жанында отуруп калчу болду. Сыйкырчыга (кечигип) барганда, ал аны урчу. Бала муну кечилге даттанды. Анда (кечил): «Эгер сыйкырчыдан корксоң: "Мени үй-бүлөм кармап калды" - деп айт. Эгер үй-бүлөңдөн корксоң: "Мени сыйкырчы кармап калды" - деп айт», - деди. Ал ушундай абалда жүргөн күндөрдүн биринде элдин жолун тосуп алган бир чоң жырткычка туш болду. Ал (өзүнчө): «Бүгүн мен сыйкырчы абзелби же кечил абзелби, ушуну билем», - деди. Анан бир ташты алып: «Оо, Аллах! Эгерде Сага сыйкырчынын ишине караганда кечилдин иши сүйүктүүрөөк болсо, адамдар өтө алышы үчүн ушул жырткычты өлтүр!» - деп, аны таш менен уруп өлтүрдү. Ошентип элдер өз жолун улады. (Бала) кечилге келип, окуяны айтып берди. Кечил ага: «Оо, уулум! Бүгүн сен менден абзелсиң. Сенин ишиң мен көрүп турган ушул даражага жетиптир. Чындыгында, сен сыналасың. Эгер сыналсаң, мени (ким экенимди) көрсөтүп койбо», - деди. Бала сокурларды, пес оорулууларды айыктырып, адамдарды бардык оорулардан дарылай баштады. Падышанын сокур болуп калган бир жанжөкөрү муну угуп, ага көптөгөн белектерди алып келди да: «Эгер мени айыктырсаң, ушул жердегилердин баары сеники болот», - деди. Ал: «Мен эч кимге шыпаа бере албайм. Шыпаа берүүчү – жалгыз Аллах. Эгер Аллахка ыйман келтирсең, мен Аллахка дуба кылам, Ал сага шыпаа берет», - деди. Тигил Аллахка ыйман келтирди, Аллах ага шыпаа берди. Ал падышага келип, мурдагыдай эле анын жанына отурду. Падыша андан: «Көзүңдүн көрүүсүн сага ким кайтарып берди?» - деп сурады. Ал: «Раббим», - деди. Падыша: «Сенин менден башка раббиң бар беле?» - деди. Ал: «Менин да, сенин да Раббиң – Аллах», - деди. Анан падыша аны кармап алып, баланы көрсөткөнгө чейин азаптай берди. Бала алынып келинди. Падыша ага: «Оо, уулум! Сенин сыйкырың сокурду, пес оорулууну айыктыра турган даражага жетиптир, тигини-муну кылып жатыптырсың», - деди. Бала: «Мен эч кимге шыпаа бере албайм, шыпаа берүүчү – жалгыз Аллах», - деди. (Падыша) аны кармап алып, кечилди көрсөткөнгө чейин азаптай берди. Анан кечил алып келинди. Ага: «Диниңден кайт!» - деп айтылды. Ал баш тартты. (Падыша) арааны алдырып келип, арааны анын төбөсүнө коюп, ал экиге бөлүнүп түшкүчө араалатты. Андан кийин падышанын жанжөкөрү алынып келинип, ага да: «Диниңден кайт!» - деп айтылды. Ал дагы баш тартты. (Падыша) анын да төбөсүнө арааны койдуруп, эки бөлүгү түшкүчө араалатты. Андан кийин бала алынып келинди, ага да: «Диниңден кайт!» - деп айтылды. Бирок ал да баш тартты. Ошондо падыша аны өзүнүн желдеттеринин бир тобуна берип: «Муну баланча тоого алып баргыла да, аны менен тоого чыккыла. Тоонун чокусуна жеткениңерде, эгер дининен кайтса (коё бергиле), андай болбосо, аны ылдый көздөй ыргытып жибергиле!» - деди. Алар аны тоого алып чыгышты. Ошондо (бала): «Оо, Аллах, мени алардан Өзүң каалагандай куткара көр!» - деди. Тоо силкинип, тигилер кулап түшүштү. Анан ал падышага басып келди. Падыша андан: «Сени менен кеткендер эмне болду?» - деп сурады. Ал: «Аллах мени алардан сактап калды», - деди. Падыша кайрадан аны желдеттеринин башка тобуна берип: «Муну алып кетип, кемеге салгыла да, деңиздин ортосуна алып баргыла. Эгер дининен кайтса (коё бергиле), андай болбосо, сууга ыргытып жибергиле!» - деди. Алар аны алып кетишти. Ал кайра эле: «Оо, Аллах, мени алардан Өзүң каалагандай куткара көр!» - деди. Кеме көмкөрүлүп, алар чөгүп кетишти. Бала болсо падышага дагы басып келди. Падыша андан: «Сени менен кеткендер эмне болду?» - деди. Ал: «Аллах мени алардан сактап калды», - деди да, падышага карап: «Сен менин буйругумду аткарбасаң, мени өлтүрө албайсың», - деди. Падыша: «Ал эмне болгон (буйрук)?» - деп сурады. Ал айтты: «Адамдардын баарын бир ачык майданга чогултасың жана мени устунга асып байлайсың. Анан менин саадагымдан (жаанын жебелери салынуучу булгаары кап же куту) бир жебе алып, аны жаанын ортосуна кой. Андан кийин: «Баланын Раббиси болгон Аллахтын ысымы менен!" - деп айтып, мени ат. Эгер ушундай кылсаң, мени өлтүрөсүң». Падыша адамдардын баарын бир майданга чогултуп, аны устунга асты. Андан соң анын саадагынан бир жебе алып, жаанын ортосуна койду. Анан: «Баланын Раббиси болгон Аллахтын ысымы менен!» - деп жебени атты. Жебе баланын чыкыйына тийди. Ал колун жебе тийген чыкыйына коюп, жан берди. Муну көргөн адамдар (баары бир ооздон): «Баланын Раббисине ыйман келтирдик! Баланын Раббисине ыйман келтирдик! Баланын Раббисине ыйман келтирдик!» - дешти. Ошондо падышага (адамдары) келип: «Өзүң корккон нерсени көрдүңбү? Аллахка ант болсун, сен корккон нерсе башыңа түштү, элдин баары ыйман келтирип жиберди», - дешти. Ошондо падыша көчөлөрдүн баштарына орлорду казууга буйрук берди. Орлор казылып, анда оттор жагылды. Анан: «Ким дининен кайтпаса, аны ушул отко ыргыткыла (же ага: "Өзүң кир!" - деп айткыла)», - деди. Алар муну аткарып (адамдарды отко ыргытып) жатышты. Акыры кичинекей наристеси бар бир аял келди. Ал отко түшүүдөн токтоп калды. Ошондо (колундагы) баласы ага: «Оо, апаке, сабыр кылыңыз, чындыгында сиз хак (чындык) үстүндөсүз!» - деди».

"كَانَ مَلِكٌ فِيمَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ، وَكَانَ لَهُ سَاحِرٌ، فَلَمَّا كَبِرَ، قَالَ لِلْمَلِكِ: إِنِّي قَدْ كَبِرْتُ، فَابْعَثْ إِلَيَّ غُلَامًا أُعَلِّمْهُ السِّحْرَ، فَبَعَثَ إِلَيْهِ غُلَامًا يُعَلِّمُهُ، فَكَانَ فِي طَرِيقِهِ إِذَا سَلَكَ رَاهِبٌ فَقَعَدَ إِلَيْهِ وَسَمِعَ كَلَامَهُ، فَأَعْجَبَهُ، فَكَانَ إِذَا أَتَى السَّاحِرَ مَرَّ بِالرَّاهِبِ وَقَعَدَ إِلَيْهِ، فَإِذَا أَتَى السَّاحِرَ ضَرَبَهُ، فَشَكَا ذَلِكَ إِلَى الرَّاهِبِ، فَقَالَ: إِذَا خَشِيتَ السَّاحِرَ، فَقُلْ: حَبَسَنِي أَهْلِي، وَإِذَا خَشِيتَ أَهْلَكَ فَقُلْ: حَبَسَنِي السَّاحِرُ، فَبَيْنَمَا هُوَ كَذَلِكَ إِذْ أَتَى عَلَى دَابَّةٍ عَظِيمَةٍ قَدْ حَبَسَتِ النَّاسَ، فَقَالَ: الْيَوْمَ أَعْلَمُ آلسَّاحِرُ أَفْضَلُ أَمِ الرَّاهِبُ أَفْضَلُ؟ فَأَخَذَ حَجَرًا، فَقَالَ: اللهُمَّ إِنْ كَانَ أَمْرُ الرَّاهِبِ أَحَبَّ إِلَيْكَ مِنْ أَمْرِ السَّاحِرِ فَاقْتُلْ هَذِهِ الدَّابَّةَ، حَتَّى يَمْضِيَ النَّاسُ، فَرَمَاهَا فَقَتَلَهَا، وَمَضَى النَّاسُ، فَأَتَى الرَّاهِبَ فَأَخْبَرَهُ، فَقَالَ لَهُ الرَّاهِبُ: أَيْ بُنَيَّ أَنْتَ الْيَوْمَ أَفْضَلُ مِنِّي، قَدْ بَلَغَ مِنْ أَمْرِكَ مَا أَرَى، وَإِنَّكَ سَتُبْتَلَى، فَإِنِ ابْتُلِيتَ فَلَا تَدُلَّ عَلَيَّ، وَكَانَ الْغُلَامُ يُبْرِئُ الْأَكْمَهَ وَالْأَبْرَصَ، وَيُدَاوِي النَّاسَ مِنْ سَائِرِ الْأَدْوَاءِ، فَسَمِعَ جَلِيسٌ لِلْمَلِكِ كَانَ قَدْ عَمِيَ، فَأَتَاهُ بِهَدَايَا كَثِيرَةٍ، فَقَالَ: مَا هَاهُنَا لَكَ أَجْمَعُ، إِنْ أَنْتَ شَفَيْتَنِي، فَقَالَ: إِنِّي لَا أَشْفِي أَحَدًا إِنَّمَا يَشْفِي اللهُ، فَإِنْ أَنْتَ آمَنْتَ بِاللهِ دَعَوْتُ اللهَ فَشَفَاكَ، فَآمَنَ بِاللهِ فَشَفَاهُ اللهُ، فَأَتَى الْمَلِكَ فَجَلَسَ إِلَيْهِ كَمَا كَانَ يَجْلِسُ، فَقَالَ لَهُ الْمَلِكُ: مَنْ رَدَّ عَلَيْكَ بَصَرَكَ؟ قَالَ: رَبِّي، قَالَ: وَلَكَ رَبٌّ غَيْرِي؟ قَالَ: رَبِّي وَرَبُّكَ اللهُ، فَأَخَذَهُ فَلَمْ يَزَلْ يُعَذِّبُهُ حَتَّى دَلَّ عَلَى الْغُلَامِ، فَجِيءَ بِالْغُلَامِ، فَقَالَ لَهُ الْمَلِكُ: أَيْ بُنَيَّ قَدْ بَلَغَ مِنْ سِحْرِكَ مَا تُبْرِئُ الْأَكْمَهَ وَالْأَبْرَصَ، وَتَفْعَلُ وَتَفْعَلُ، فَقَالَ: إِنِّي لَا أَشْفِي أَحَدًا، إِنَّمَا يَشْفِي اللهُ، فَأَخَذَهُ فَلَمْ يَزَلْ يُعَذِّبُهُ حَتَّى دَلَّ عَلَى الرَّاهِبِ، فَجِيءَ بِالرَّاهِبِ، فَقِيلَ لَهُ: ارْجِعْ عَنْ دِينِكَ، فَأَبَى، فَدَعَا بِالْمِئْشَارِ، فَوَضَعَ الْمِئْشَارَ فِي مَفْرِقِ رَأْسِهِ، فَشَقَّهُ حَتَّى وَقَعَ شِقَّاهُ، ثُمَّ جِيءَ بِجَلِيسِ الْمَلِكِ فَقِيلَ لَهُ: ارْجِعْ عَنْ دِينِكَ، فَأَبَى فَوَضَعَ الْمِئْشَارَ فِي مَفْرِقِ رَأْسِهِ، فَشَقَّهُ بِهِ حَتَّى وَقَعَ شِقَّاهُ، ثُمَّ جِيءَ بِالْغُلَامِ فَقِيلَ لَهُ ارْجِعْ عَنْ دِينِكَ، فَأَبَى فَدَفَعَهُ إِلَى نَفَرٍ مِنْ أَصْحَابِهِ، فَقَالَ: اذْهَبُوا بِهِ إِلَى جَبَلِ كَذَا وَكَذَا، فَاصْعَدُوا بِهِ الْجَبَلَ، فَإِذَا بَلَغْتُمْ ذُرْوَتَهُ، فَإِنْ رَجَعَ عَنْ دِينِهِ، وَإِلَّا فَاطْرَحُوهُ، فَذَهَبُوا بِهِ فَصَعِدُوا بِهِ الْجَبَلَ، فَقَالَ: اللهُمَّ اكْفِنِيهِمْ بِمَا شِئْتَ، فَرَجَفَ بِهِمِ الْجَبَلُ فَسَقَطُوا، وَجَاءَ يَمْشِي إِلَى الْمَلِكِ، فَقَالَ لَهُ الْمَلِكُ: مَا فَعَلَ أَصْحَابُكَ؟ قَالَ: كَفَانِيهِمُ اللهُ، فَدَفَعَهُ إِلَى نَفَرٍ مِنْ أَصْحَابِهِ، فَقَالَ: اذْهَبُوا بِهِ فَاحْمِلُوهُ فِي قُرْقُورٍ، فَتَوَسَّطُوا بِهِ الْبَحْرَ، فَإِنْ رَجَعَ عَنْ دِينِهِ وَإِلَّا فَاقْذِفُوهُ، فَذَهَبُوا بِهِ، فَقَالَ: اللهُمَّ اكْفِنِيهِمْ بِمَا شِئْتَ، فَانْكَفَأَتْ بِهِمِ السَّفِينَةُ فَغَرِقُوا، وَجَاءَ يَمْشِي إِلَى الْمَلِكِ، فَقَالَ لَهُ الْمَلِكُ: مَا فَعَلَ أَصْحَابُكَ؟ قَالَ: كَفَانِيهِمُ اللهُ، فَقَالَ لِلْمَلِكِ: إِنَّكَ لَسْتَ بِقَاتِلِي حَتَّى تَفْعَلَ مَا آمُرُكَ بِهِ، قَالَ: وَمَا هُوَ؟ قَالَ: تَجْمَعُ النَّاسَ فِي صَعِيدٍ وَاحِدٍ، وَتَصْلُبُنِي عَلَى جِذْعٍ، ثُمَّ خُذْ سَهْمًا مِنْ كِنَانَتِي، ثُمَّ ضَعِ السَّهْمَ فِي كَبِدِ الْقَوْسِ، ثُمَّ قُلْ: بِاسْمِ اللهِ رَبِّ الْغُلَامِ، ثُمَّ ارْمِنِي، فَإِنَّكَ إِذَا فَعَلْتَ ذَلِكَ قَتَلْتَنِي، فَجَمَعَ النَّاسَ فِي صَعِيدٍ وَاحِدٍ، وَصَلَبَهُ عَلَى جِذْعٍ، ثُمَّ أَخَذَ سَهْمًا مِنْ كِنَانَتِهِ، ثُمَّ وَضَعَ السَّهْمَ فِي كَبْدِ الْقَوْسِ، ثُمَّ قَالَ: بِاسْمِ اللهِ، رَبِّ الْغُلَامِ، ثُمَّ رَمَاهُ فَوَقَعَ السَّهْمُ فِي صُدْغِهِ، فَوَضَعَ يَدَهُ فِي صُدْغِهِ فِي مَوْضِعِ السَّهْمِ فَمَاتَ، فَقَالَ النَّاسُ: آمَنَّا بِرَبِّ الْغُلَامِ، آمَنَّا بِرَبِّ الْغُلَامِ، آمَنَّا بِرَبِّ الْغُلَامِ، فَأُتِيَ الْمَلِكُ فَقِيلَ لَهُ: أَرَأَيْتَ مَا كُنْتَ تَحْذَرُ؟ قَدْ وَاللهِ نَزَلَ بِكَ حَذَرُكَ، قَدْ آمَنَ النَّاسُ، فَأَمَرَ بِالْأُخْدُودِ فِي أَفْوَاهِ السِّكَكِ، فَخُدَّتْ وَأَضْرَمَ النِّيرَانَ، وَقَالَ: مَنْ لَمْ يَرْجِعْ عَنْ دِينِهِ فَأَحْمُوهُ فِيهَا، أَوْ قِيلَ لَهُ: اقْتَحِمْ، فَفَعَلُوا حَتَّى جَاءَتِ امْرَأَةٌ وَمَعَهَا صَبِيٌّ لَهَا فَتَقَاعَسَتْ أَنْ تَقَعَ فِيهَا، فَقَالَ لَهَا الْغُلَامُ: يَا أُمَّهْ اصْبِرِي فَإِنَّكِ عَلَى الْحَقِّ".

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабар берди: Бизден мурунку коомдордо бир падыша болгон, анын сыйкырчысы бар эле. Сыйкырчы карыган кезде, падышага мындай деди: Мен карып калдым, мага бир жаш жигитти жибер, ага сыйкырчылыкты үйрөтөйүн. Ошондо падыша ага (илимин) үйрөтсүн деп бир жигитти жиберди. Жигиттин сыйкырчыга баруучу жолунда бир кечил бар эле. Бир жолу ал анын жанына отуруп сөздөрүн укту да, (анын сөздөрү) ага жагып калды. Ошондон кийин ал сыйкырчыга бараткан сайын кечилдин жанынан өтүп, анын жанында отурчу болду. Ал эми сыйкырчыга келгенде, кечиккени үчүн (сыйкырчы) аны урат эле. Бул тууралуу ал кечилге даттанды. Ошондо ал: Эгерде сыйкырчыдан корксоң: «Мени үй-бүлөм кармап калды», – деп айт. Ал эми үй-бүлөңдөн корксоң: «Мени сыйкырчы кармап калды», – деп айт, – деди. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде, ал адамдардын өтүүсүнө тоскоол болгон абдан чоң бир жаныбарга туш болду. Ошондо ал: Сыйкырчы абзелби же кечил абзелби, бүгүн мен муну билемин! – деди. Ал бир таш алып, мындай деди: Оо, Аллах, эгерде кечилдин иши сыйкырчынын ишине караганда Сага сүйүктүүрөөк болсо, анда адамдар өтүп кетиши үчүн бул жаныбарды өлтүр! Анан ал ташты ыргытып, аны өлтүрдү да, адамдар өтүп кетишти. Андан соң ал кечилге келип, ага кабар бергенде, кечил ага мындай деди: Оо, уулум! Бүгүн сен менден артыксың. Сенин ишиң мен көрүп турган даражага жетти. Жана албетте, сен сыналасың. Эгер сынала турган болсоң, мени көрсөтпө. Бала сокурларды жана пес оорулууларды айыктырчу, ошондой эле адамдарды Аллахтын уруксаты менен башка бардык оорулардан дарылачу. Муну падышанын көзү көрбөй калган бир жандоочусу угуп, ага көптөгөн белектерди алып келип, балага айтты: Эгер сен мени айыктырсаң, бул жердеги белектердин баары сеники. Ал айтты: Мен эч кимди айыктырбайм, Аллах гана шыпаа берет. Эгер сен Аллахка ыйман келтирсең, мен Аллахтан сага шыпаа тилеп дуба кылам, Ал сени айыктырат. Ал Аллахка ыйман келтирди эле, Аллах аны айыктырды. Анан ал падышага келип, мурда отургандай эле анын жанына отурду. Падыша ага: Көзүңдүн көрүүсүн ким кайтарып берди? – деди. Ал: Менин Раббим, - деди. Ал: Сенин менден башка Раббиң барбы? - деди. Ал: Менин Раббим жана сенин Раббиң – Аллах - деди. Ал аны кармап алып, баланы көрсөтүп бергенге чейин азаптай берди. Андан кийин баланы алып келишти да, падыша ага мындай деди: Оо, уулум, сенин сыйкырың сокурду жана пес оорулууну айыктыра тургандай жана тигини-муну кыла тургандай деңгээлге жетиптир. Ал: Мен эч кимди айыктырбайм, Аллах гана айыктырат – деди. Анан аны кармап алып, ал кечилди көрсөтүп бергенге чейин кыйнай берди. Анан кечилди алып келишти. Ага: «Диниңден кайт!» - дешти. Ал баш тартты. Анан араа алдыртып, аны башынын так ортосуна койду да, аны менен экиге бөлүп салды. Анан падышанын жанжөкөрүн алып келишти. Ага: «Диниңден кайт!» - дешти. Бирок ал баш тартты. Анан анын төбөсүнө арааны коюп, аны экиге бөлүп салышты. Андан соң баланы алып келишти эле, ага: «Диниңден кайт», - деп айтышты. Бирок ал баш тартты. Анан аны өзүнүн жан-жөкөрлөрүнөн үчтөн онго чейинки кишилерге тапшырды. Ал айтты: Аны баланча тоого алып баргыла да, аны менен тоого чыккыла. Анын чокусуна жеткениңерде, эгер ал дининен кайтса (коё бергиле), андай болбосо аны ыргытып жибергиле!. Алар аны алып кетишип, аны менен тоого чыгышты. Ал жигит: «Оо, Аллах, мени алардан Өзүң каалагандай куткара көр!» – деп айтты. Ошондо тоо титиреп, катуу силкинди да, алар кулап түшүштү. Анан ал падышага басып келди. Падыша андан: Сенин шериктериң эмне болду? - деп сурады. Ал: Аллах мени алардан сактады, - деди. Анан аны өзүнүн адамдарынан бир топ кишиге тапшырып, айтты: Аны алып кеткиле жана кичинекей кемеге отургузгула да, аны менен деңиздин ортосуна баргыла. Эгер ал дининен кайтса (коё бергиле), антпесе аны деңизге ыргыткыла. Ошентип, алар аны алып кетишти. Ошондо ал: «Оо, Аллахым, мени алардан Өзүң каалагандай куткара көр!» – деди. Анан алардын кемеси көңтөрүлүп, сууга чөгүп кетишти. Ал эми ал падышага басып келди. Падыша андан: Сенин шериктериң эмне болду? - деп сурайт. Ал: Аллах мени алардан сактап калды, - дейт. Ошондо бала падышага: Чындыгында, мен сага буюрган нерсени аткармайынча сен мени өлтүрө албайсың, - дейт. Ал: Ал эмне? - деп сурады. Ал: Адамдарды ачык бир жерге чогултасың да, мени дарактын сөңгөгүнө асасың. Андан кийин менин саадагымдан бир жебе алып, аны жаанын кармагычына коёсуң. Анан: «Баланын Раббиси Аллахтын ысымы менен», - деп айтасың да, мени атасың. Эгерде ушуну кылсаң, мени өлтүрөсүң», - деди. Анан ал адамдарды бир жерге чогултуп, аны сөңгөккө асты. Кийин анын саадагынан бир жебе алып, аны жаанын ортосуна койду. Анан: «Баланын Раббиси Аллахтын ысымы менен», - деди да, аны атты. Жебе анын чыкыйына, көзү менен кулагынын ортосуна тийди. Ал колун чыкыйындагы жебе тийген жерге койду да, каза болду. Ошондо адамдар: Баланын Раббисине ыйман келтирдик, баланын Раббисине ыйман келтирдик, баланын Раббисине ыйман келтирдик, - дешти. Ошондо падышага келишип, ага: Сен корккон нерсени көрдүңбү? - деп айтышты. Аллахка ант болсун, сен корккон нерсе башыңа келди. Адамдардын баары баланы ээрчип, анын Раббисине ыйман келтиришти. Анан ал жолдордун кире бериштеринде чоң жана узун орлорду казууга, алардын ичине от жагууга буйрук берди да: Ким дининен кайтпаса, аны отко таштагыла! – деди. Алар падышанын буйруганын аткарышты. Бир кезде өзүнүн наристеси менен бир аял келип, отко кирүүнү каалабай токтоп, өз ордунда туруп калды. Ошондо наристеси ага: Оо, энем! Сабыр кыл! Чындыгында сен акыйкаттасың,– деди.

Хадистин пайдалары

Олуялардын керемети бар экени чындык, мисалы, баланын бир ыргытуусу менен чоң жаныбардын өлтүрүлүшү, баланын дубасына эки жолу жооп берилиши жана эмчектеги наристенин сүйлөөсү.

Аллахка тобокел кылган адамдын жеңишке жетүүсү.

Динде сабырдуу жана бекем болуунун улуктугун баяндоо.

Илимди жаш кезде үйрөнүүдө даанышмандык бар. Анткени жаш адам көбүнчө улуу адамга караганда тезирээк жаттайт.

Бул баланын ыйманынын күчтүүлүгү, анын өз ыйманынан эч тайбагандыгы жана андан кайтпай бекем тургандыгы.

Аллах Таала кыйынчылыкка кабылган адам Ага дуба кылганда, анын дубасына жооп берет.

Адам мусулмандардын жалпы кызыкчылыгы үчүн өз жанын тобокелге салуусуна уруксат берилет. Анткени бул бала падышага аны өлтүрө турган жана өз жанын курман кыла турган жолду көрсөтүп берген. Ал жол – падыша анын саадагынан бир жебе алып, аны жаанын ортосуна коюп: «Баланын Раббиси болгон Аллахтын аты менен» - деп айтуусу эле.

Согушта жана ага окшогон учурларда, ошондой эле өмүрдү өлүмдөн сактап калуу үчүн жалган сүйлөө уруксат.

Ыймандуу адам өз ыйманынын чынчылдыгы жана акыйкатты айтууда туруктуу болуусу менен сыналат, ал турсун бул иш анын жанынан кечүүсүнө алып барса да.

Аллахка даават кылуу жана акыйкатты ачыкка чыгаруу жолунда курмандык кылуу.

Пенделердин жүрөктөрү Аллахтын колунда. Ал кимди кааласа туура жолго салат жана кимди кааласа адаштырат. Чындыгында, бала сыйкырчынын тарбиясында жана адашкан падышанын камкордугунда болгонуна карабастан, туура жолго (хидаятка) түштү.

Аллах Тааладан пендеге ал аркылуу туурасын биле турган жана анда толук ишеним (якийн) пайда боло турган белги көрсөтүүсүн суроого уруксат (жайыз).

Ыйман ээлери Аллах аларга берген жана тартуулаган бардык нерсени Анын динине кызмат кылууга жана Анын жолуна чакырууга жумшашат.

Кыйроонун себептери Аллахтын колунда, эгер кааласа аларды ишке ашырат, жана эгер кааласа токтотот.

Каапырлардын ыйман келтирүүсү үчүн далилдер жетишсиз эмес, алардын каапырлыгынын себеби – кежирдик жана текебердик.

Чектен ашкандар менен залымдар өздөрү ээ болуп турган дүйнө жыргалчылыгында калуу үчүн бардык адамдарды өлтүрүүгө даяр болушат.

Аллах зулум кылгандарды алар күтпөгөн тараптан жазалайт. Чындыгында, адамдар баланын бекемдигин, дааватынын чындыгын жана Аллахтын жолунда эч бир айыптоочунун жемесинен коркпогондугун көргөндө, баланын Раббисине ыйман келтиришти.

Исадан (ага Аллахтын саламы болсун) башка да бешикте сүйлөгөндөр бар. Бул хадис пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Бешикте үч адамдан башка эч ким сүйлөгөн эмес...» – деген сөзүн түшүндүрөт, ошондой эле аларды атап, башкалардан эмес, жалаң гана Бани Исраилден болгонун чектеп белгилейт.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2299) (3005).

Сахих Муслим (4/ 2299) (3005).

Дагы (20)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 86).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص39).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 412).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (1/ 210).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 62).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 86).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص39).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 412).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (1/ 210).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 62).