Skip to content

"Кайсы иште жумшактык болсо, ал ишти көркүнө чыгарат. Кайсы иште жумшактык болбосо, анын көркү кетет".

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялы Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:

"Кайсы иште жумшактык болсо, ал ишти көркүнө чыгарат. Кайсы иште жумшактык болбосо, анын көркү кетет".

«إِنَّ الرِّفْقَ لَا يَكُونُ فِي شَيْءٍ إِلَّا زَانَهُ، وَلَا يُنْزَعُ مِنْ شَيْءٍ إِلَّا شَانَهُ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөздөгү жана иштеги кичи пейилдик, жумшактык жана шашылбоо иштин жакшы, кооз, толук болуусуна жана муктаждыктын оңой бүтүүсүнө себеп болорун айткан. Ал эми сөздө же иште жумшактыктын жоктугу ишти айыптуу жана жаман көрсөтүп, муктаждыктын оңой бүтүүсүнө тоскоол болот, бүтсө да кыйынчылык менен бүтөт.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Жумшактыкты кулк-мүнөзгө калыптандырууга кызыктыруу.

Жумшактык адамдын көркү, ал дүйнө жана акырет иштериндеги бардык жакшылыктын себеби.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2004) (2594).

Дагы (4)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 683).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص414).