Skip to content

"Чынында, ыймандуу адам жакшы кулк-мүнөзү менен (күндүзү) орозо туткан, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет".

Айша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:

"Чынында, ыймандуу адам жакшы кулк-мүнөзү менен (күндүзү) орозо туткан, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет".

«إنَّ المُؤْمِنَ ليُدرِكُ بِحُسْنِ خُلُقِهِ دَرَجَةَ الصَّائِمِ القَائِمِ».

Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган.
Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис).
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөздүн жакшылыгы дайыма күндүзү орозо кармап, түнү намазга туруп жүргөн адамдын даражасына жеткирерин баяндаган. Жакшы кулк-мүнөз жакшылыкты көп кылуу, сылык-сыпаа сүйлөө, маанайын ачык алып жүрүү, эч кимге зыян тийгизбөө жана адамдардын зыянына чыдоо ж.б. ичине алат.

Сөздөрдүн маанилери

....:

Хадистин пайдалары

Адеп-ахлактуулукка тарбиялоо жана ахлакты толуктоо Ислам камкордугунун улуктугун билдирет.

Жакшы кулк-мүнөздүүлүктүн артыкчылыгы. Пенде жакшы мүнөзү менен ооз ачпаган орозо тутуучунун, чарчабаган намаз окуучунун даражасына жетет.

Күндүзү орозо кармоо, түнү намазга туруу напсиге оор келген иштер, бул экөөнүн даражасына жакшы мамилеге напсисин тарбиялаганы үчүн кулк-мүнөзү жакшы адам гана жете алат.

Булактар

Сунан Абу Дауд (7/ 176) (4798).

Муснад Ахмад (40/ 414) (24355).

Дагы (6)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 675).

تطرز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص411).

مشكاة المصابيح.

لمحمد العمري (3/ 1409).