Skip to content

"Кайсы бир мусулман пенде, ага парз намаздын убактысы келгенде дааратын жеткиликтүү алып, жүрөгү менен берилип, үрүкүлөрүн жакшы аткарып намаз окуса, андан мурдагы (майда) күнөөлөрүн кетирет, эгер ал чоң күнөө кылбаган болсо. Бул ар дайым ушундай".

Усман (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:

"Кайсы бир мусулман пенде, ага парз намаздын убактысы келгенде дааратын жеткиликтүү алып, жүрөгү менен берилип, үрүкүлөрүн жакшы аткарып намаз окуса, андан мурдагы (майда) күнөөлөрүн кетирет, эгер ал чоң күнөө кылбаган болсо. Бул ар дайым ушундай".

«مَا مِنَ امْرِئٍ مُسْلِمٍ تَحْضُرُهُ صَلَاةٌ مَكْتُوبَةٌ فَيُحْسِنُ وُضُوءَهَا وَخُشُوعَهَا وَرُكُوعَهَا، إِلَّا كَانَتْ كَفَّارَةً لِمَا قَبْلَهَا مِنَ الذُّنُوبِ، مَا لَمْ يُؤْتِ كَبِيرَةً، وَذَلِكَ الدَّهْرَ كُلَّهُ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип баяндайт: ага парз болгон намаз убактысы киргенде мусулман адам жакшылап, толук даарат алса, анан жүрөгү менен да, дене мүчөлөрү менен да Аллахка берилип, Анын улуктугун сезип намаз окуса, намаздын үрүкү, сажда ж.б.у.с. амалдарын толук аткарса, анда анын бул намазы ага чейин жасаган майда күнөөлөрүнө каффарат болот, б.а. күнөөлөрүн кетирет. Бирок ал чоң күнөөлөрдү кылбоосу шарт. Мындай артыкчылык бардык заманга жана бардык намаздарга тиешелүү.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болгон намаз: Пенденин дааратын жеткиликтүү алып, Аллахтын ыраазылыгын үмүт кылып, жүрөгү менен берилип окуган намазы.

Ибадаттарды токтотпой улантуу артыкчылыктуу иш, анткени ал майда күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот.

Дааратты жеткиликтүү алуу, намазды берилүү менен жакшы окуу артыкчылыктуу иштерден.

Майда күнөөлөр кечирилүүсү үчүн чоң күнөөдөн оолак болуу зарыл.

Ал эми чоң күнөөлөр тообо кылуу менен гана кечирилет.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 206) (228).

Дагы (10)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 257).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص611).

فيض القدير شرح الجامع الصغير.

لعبدالرؤوف المناوي (5/ 472).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (13/ 243).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

مجموعة من الباحثين (2/ 773).