Бир киши бар эле, мечиттен андан да алыс жашаган башка эч кимди билчү эмесмин. Ал бир да намазды калтырчу эмес.
- التصنيف الشرعي
- الدعوة والحسبةالدعوة إلى اللهخصائص الإسلام وفضله ومحاسنه
Убай ибн Кааб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Бир киши бар эле, мечиттен андан да алыс жашаган башка эч кимди билчү эмесмин. Ал бир да намазды калтырчу эмес. Ага кимдир бирөө (же мен): "Караңгыда жана аптаптуу ысыкта минип жүрүү үчүн бир эшек сатып алсаң кантет?" – деди. Ал: "Үйүмдүн мечитке жакын болуусу мени кубантпайт. Мен мечитке баскан кадамыма жана үй-бүлөмө кайтканымдагы кадамыма мага сооп жазылуусун каалайм", - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Аллах сага мунун бардыгын тең (сен каалагандай сооп кылып) чогултуп берди», - деп айтты."
كَانَ رَجُلٌ لَا أَعْلَمُ رَجُلًا أَبْعَدَ مِنَ الْمَسْجِدِ مِنْهُ، وَكَانَ لَا تُخْطِئُهُ صَلَاةٌ، قَالَ: فَقِيلَ لَهُ: أَوْ قُلْتُ لَهُ: لَوْ اشْتَرَيْتَ حِمَارًا تَرْكَبُهُ فِي الظَّلْمَاءِ، وَفِي الرَّمْضَاءِ، قَالَ: مَا يَسُرُّنِي أَنَّ مَنْزِلِي إِلَى جَنْبِ الْمَسْجِدِ، إِنِّي أُرِيدُ أَنْ يُكْتَبَ لِي مَمْشَايَ إِلَى الْمَسْجِدِ، وَرُجُوعِي إِذَا رَجَعْتُ إِلَى أَهْلِي، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «قَدْ جَمَعَ اللهُ لَكَ ذَلِكَ كُلَّهُ».
Убай ибн Кааб (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп кабарлайт: Ансарлардан бир кишинин үйү Пайгамбардын мечитинен эң алыс жайгашкан адамдардан эле. Ага карабастан, ал бир дагы намазды калтырчу эмес, тескерисинче, ар бир намазга Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге катышчу. Ага: Караңгы түндө жана күндүзү жердин аптабында мине турган эшек сатып алсаң кантет, - деп айтылды. Ал мындай деди: Үйүмдүн мечиттин жанында болуусу мени кубантпайт. Мен мечитке намазга баскан кадамыма жана үй-бүлөмө кайтканымдагы кадамыма Аллах мага сооп жазуусун каалайм. Анын бул сөзү Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жетип, ал мындай деди: Аллах сага ушулардын баарын чогултуп берди.
Сахабалар жакшылыкка, аны арттырууга жана сооп алууга өтө дилгир болушкан.
Ан-Навави минтип айткан: Бул хадис намазга барганда баскан кадамдарга сооп жазылгандай эле, намаздан кайткандагы кадамдарга да сооп жазыларын далилдейт.
Мусулмандар бири-бирине жакшылыкты осуят кылып, жакшы иштерде насаат айтуусу. Эгер бир тууганы кыйынчылыкка дуушар болгонун көрсө, андан арылуусу үчүн ага насаат айтсын.
Азандын үнү угулуп жаткан соң, үйүнүн мечиттен алыс болушу адам үчүн жамаат намазын таштоого жүйөлүү себеп боло албайт.
Сахих Муслим (1/ 460) (663).
Сахих Муслим (1/ 460) (663).
Дагы (8)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 162).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (2/ 199).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 162).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (2/ 199).
Китептерде келтирилген
3 КитептерДагы (3)
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالحكان رجل لا أعلم رجلا أبعد من المسجد منه، وكان لا تخطئه صلاة، فقيل له: لو اشتريت حمارا تركبه في الظلماء، وفي الرمضاء، قال: ما يسرني أن منزلي إلى جنب المسجد، إني أريد أن يكتب لي ممشاي إلى المسجد، ورجوعي إذا رجعت إلى أهلي فقال رسول الله صلى ال
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 1 «قَدْ جَمَعَ الله لَكَ ذلِكَ كُلَّهُ».
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 5«قَدْ جَمَعَ اللهُ لَكَ ذلكَ كُلَّه».