Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الحَشر

الحَشر is chapter 59 of the Quran and has 24 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

24 Аяттар Сүрөнүн номери 59
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ

Аллахка асмандар жана жердегинин бардыгы тасбих айтты! Ал – Кудуреттүү, Даанышман!

Explanation & meanings · 1
  1. "Хашр"дын мааниси "Сүргүн". Бул сүрөнүн дагы бир аталышы "Бану Назир". Анткени, сүрөдө Бану Назир яхудилерин сүргүн кылуу окуясы баяндалат. Окуучуга сүрө аяттары түшүнүктүүрөөк болушу үчүн окуяларга учкай токтолуп кетебиз. Пайгамбарыбыз саллалоху алайхи ва саллам Меккеден Мединага хижрат кылып келген учурда бул жерде бир нече яхуди уруулары жашаган. Бану Назир ошол уруулардын бири. Пайгамбарыбыз Мединага ислам динин жайылта баштаганда яхуди уруулары менен өз ара тынчтык жана кол салышпастык келишимин түзгөн. Анан, белгилүү "бадр" согушунда аз сандуу мусулмандар үч эсе көп Мекке мушриктерин жеңип алышканда, яхудилер далбасага түшүп "Булардын эсебин таппаса болбойт" деп ойлоп жүрүшкөн. Арадан көп узабай "Ухуд" согушу болуп, анда мусулмандар жеңилет. Дал ушундай мезгилди күтүп турган яхудилер мушриктерге жетип барышып, алар менен мусулмандарга каршы сүйлөшүүнү сүйлөшүшөт. Дагы бир мезгилде пайгамбарыбыз бир жумуш менен Бану Назирге барып, бир үйдүн түбүндө эс алып турганда яхудилер үстүнөн чоң таш кулатышып, жанына кастык жасашат. Пайгамбарыбыз саллалоху алайхи ва саллам Аллахтан келген вахий кабары себептүү эки кутумдан тең кабардар болот жана тезинен Мединага барып, Бану Назирге каршы кол курап келип, алардын чептерин курчоого алып, курма бактарын кыйдырып, кысымды күчөтөт. Арадан бир нече күн өткөндөн соң, яхудилер элчи жиберишип, кыянаттык менен бузган келишимдерин жаңылоону сунуш кылышат. Бирок, пайгамбарыбыз саллалоху алайхи ва саллам кыянатчылар менен эч кандай келишим болбостугун билдирет жана яхудилерге мөөнөт берип, ар бир адам бир төө көтөргүдөй жүк-тагын алып шаардан чыгып кетүүнү талап кылат. Кыянатчы Бану Назир уруусу ушинтип "Хайбар" деген жерге сүргүн кылынат. Бирок, яхудилер тымызын кыянаттарын уланта бергени себептүү кийинчерээк алар Хайбардан да куулуп чыгарылат. Ошондуктан, сүрөнүн башында Бану Назир сүргүнүн "биринчи сүргүн" деп аталган.

هُوَ ٱلَّذِيٓ أَخۡرَجَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ مِن دِيَٰرِهِمۡ لِأَوَّلِ ٱلۡحَشۡرِۚ مَا ظَنَنتُمۡ أَن يَخۡرُجُواْۖ وَظَنُّوٓاْ أَنَّهُم مَّانِعَتُهُمۡ حُصُونُهُم مِّنَ ٱللَّهِ فَأَتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِنۡ حَيۡثُ لَمۡ يَحۡتَسِبُواْۖ وَقَذَفَ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلرُّعۡبَۚ يُخۡرِبُونَ بُيُوتَهُم بِأَيۡدِيهِمۡ وَأَيۡدِي ٱلۡمُؤۡمِنِينَ فَٱعۡتَبِرُواْ يَٰٓأُوْلِي ٱلۡأَبۡصَٰرِ

Ал китеп элдеринен турган каапырларды журттарынан биринчи сүргүн үчүн чыгарды. Силер (Оо, момундар, алардын чептери бекем болгондуктан) аларды чыгат деп ойлогон эмессиңер. Жана алар дагы (бийик) сепилдери өздөрүн Аллахтан коргоп калат деп ойлошкон. Анан Аллах(тын жазасы) аларга күтпөгөн тараптан келип, жүрөктөрүнө коркуу салды эле, үйлөрүн өз колдору жана момундардын колдору менен талкалап киришти. Оо, акылдуу адамдар! (Бул окуядан) сабак алгыла!

Explanation & meanings · 1
  1. Яхудилердин сепилдери чынында бекем, бийик болчу. Алар эшиктерин бекем жаап алышып, астейдил коргонууну максат кылышкан. Бирок, Аллах таала Өзүнүн «коркуу» деген аскерлерин алардын жүрөгүнө багыттады. Натыйжада азыр эле эрдемсинип турган яхудилер титиреп-какшап, көчүп кетүү үчүн өз үйлөрүн өз колдору менен буза баштады.

وَلَوۡلَآ أَن كَتَبَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمُ ٱلۡجَلَآءَ لَعَذَّبَهُمۡ فِي ٱلدُّنۡيَاۖ وَلَهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ عَذَابُ ٱلنَّارِ

Эгер Аллах аларга көчүп кетүүнү (тагдыр кылып) жазбаганда, (ушул) дүйнөдө (өлүм же кулчулук сыяктуу жаза менен) жазаламак. Аларга Акыретте да тозок азабы бар.

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ شَآقُّواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥۖ وَمَن يُشَآقِّ ٱللَّهَ فَإِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ

Мунун себеби, алар Аллах менен Анын пайгамбарына душман чыгышты. Ким Аллахка душман болсо, (билип алсын:) Аллахтын жазасы катуу!

مَا قَطَعۡتُم مِّن لِّينَةٍ أَوۡ تَرَكۡتُمُوهَا قَآئِمَةً عَلَىٰٓ أُصُولِهَا فَبِإِذۡنِ ٱللَّهِ وَلِيُخۡزِيَ ٱلۡفَٰسِقِينَ

(Оо, момундар!) эгер алардын курма бактарын кыйсаңар же тамырында турган бойдон калтырган болсоңор, (бардыгын) Аллахтын уруксаты менен жана бузукулардын адебин бериш үчүн жасадыңар.

Explanation & meanings · 1
  1. Мусулмандар курчоодогу Бану Назирди алсыратыш үчүн курма бактарын кыя баштаганда, мунафыктар муну айыптап чыгышты. Мындай адат мусулмандардын согуш эрежесинде да жок болчу. Ошондуктан, пайгамбарыбыз дагы кыжаалат болуп турганда ушул аят түшүп, арадан кыжаалатчылык көтөрүлдү.