Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الزُّخرُف

الزُّخرُف is chapter 43 of the Quran and has 89 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

89 Аяттар Сүрөнүн номери 43
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

حمٓ

Хаа, Миим.

Explanation & meanings · 1
  1. Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ

Ачык баяндоочу Китепке ант!

إِنَّا جَعَلۡنَٰهُ قُرۡءَٰنًا عَرَبِيّٗا لَّعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ

Силер (анын маанисин) акыл калчашыңар үчүн Биз аны арабча Куран кылдык.

وَإِنَّهُۥ فِيٓ أُمِّ ٱلۡكِتَٰبِ لَدَيۡنَا لَعَلِيٌّ حَكِيمٌ

Ал (Куран) Биздин алдыбыздагы Китептердин Энесинде (Лавхул махфузда) эң жогорку, даанышман (даражада турат).

أَفَنَضۡرِبُ عَنكُمُ ٱلذِّكۡرَ صَفۡحًا أَن كُنتُمۡ قَوۡمٗا مُّسۡرِفِينَ

(Эй, Мушриктер!) Эгер силер чектен чыккан (кылмышкер) коом болсоңор эле, Биз силерге зикирди (Куранды) багыттабай коймок белек.

Explanation & meanings · 1
  1. Аллах Өз китебин жакшы-жаман дебей, инсанияттын бардыгына арнайт. Ким анын даанышман өкүмдөрүнө ээрчисе – бактылуу болот. Ким жүз бурса - өзүнө зыян.