43 : 12
وَٱلَّذِي خَلَقَ ٱلۡأَزۡوَٰجَ كُلَّهَا وَجَعَلَ لَكُم مِّنَ ٱلۡفُلۡكِ وَٱلۡأَنۡعَٰمِ مَا تَرۡكَبُونَ
Жана Ал бардык жуптарды жаратты. Жана силер үчүн кемелерден, айбандардан турган унааларды, улоолорду жаратты.
Explanation & meanings · 1
- Аллах бардык нерселерди жуп-түгөй жараткан. Маселен: эркек-ургаачы, ак-кара, ысык-суук, түн-күн, ачуу-таттуу ж.б.у.с. Ал эми Өзү болсо, бардык ааламдардан өзгөчө: жуп-түгөйү жок.