Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

غَافِر

غَافِر is chapter 40 of the Quran and has 85 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

85 Аяттар Сүрөнүн номери 40
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

حمٓ

Хаа-миим.

Explanation & meanings · 1
  1. Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

تَنزِيلُ ٱلۡكِتَٰبِ مِنَ ٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡعَلِيمِ

(Бул) Китептин түшүүсү, Кудуреттүү, Илимдүү , Аллах (таала) тарабынан болду!

غَافِرِ ٱلذَّنۢبِ وَقَابِلِ ٱلتَّوۡبِ شَدِيدِ ٱلۡعِقَابِ ذِي ٱلطَّوۡلِۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ إِلَيۡهِ ٱلۡمَصِيرُ

(Ал) күнөөнү кечирүүчү, тообону кабыл кылуучу, азабы катуу жана ихсан-пазилеттүү. Эч бир Кудай жок, жалгыз Өзү бар! Кайтып баруу – Өзүнө!

مَا يُجَٰدِلُ فِيٓ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ إِلَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَلَا يَغۡرُرۡكَ تَقَلُّبُهُمۡ فِي ٱلۡبِلَٰدِ

Аллахтын аяттарында каапыр болгондор гана талашышат. (Оо, Мухаммад!) алардын шаарларды кезип жүрүшү сени азгырып койбосун!

Explanation & meanings · 2
  1. Мусулмандар дароо моюн сунганга шашылат.
  2. Шаарларды кезип жүрүү үчүн күч-кубат, бийлик жана байлык керек. Эгер каапырларда ушул нерселер болсо, мунун мааниси «Аллах аларды сүйөт экен» дегенди билдирбейт. Аллах аларды сүйбөйт. Болгону аларга мөөнөт берип жатат. Качан тообо кылып келээр экен деп. Же болбосо, алар дагы да көбүрөөк күнөөгө батып, көбүрөөк азапка ылайык болуулары үчүн өмүр, байлык берүүдө. Алар өткөндөгү каапырлардын кайгылуу тагдырынан сабак алуулары керек.

كَذَّبَتۡ قَبۡلَهُمۡ قَوۡمُ نُوحٖ وَٱلۡأَحۡزَابُ مِنۢ بَعۡدِهِمۡۖ وَهَمَّتۡ كُلُّ أُمَّةِۭ بِرَسُولِهِمۡ لِيَأۡخُذُوهُۖ وَجَٰدَلُواْ بِٱلۡبَٰطِلِ لِيُدۡحِضُواْ بِهِ ٱلۡحَقَّ فَأَخَذۡتُهُمۡۖ فَكَيۡفَ كَانَ عِقَابِ

Алардан илгери Нухтун (каапыр) коому, алардан кийинки (каапыр) жамааттар дагы (пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен. Ар бир эл өз пайгамбарын өлтүрүүгө ниеттенген жана жалгандары менен Акыйкатты жеңип алабыз дешип талашып-тартышышкан. Анан Биз аларды (апаат-балээ менен) «кармап койдук». Менин жазалоом кандай болгон!