Skip to content
غَافِر /

Аят 28

40 : 28

Аят 28 of غَافِر (40 : 28). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

غَافِر Аяттар 85
Сүрө · غَافِر
Kyrgyz · Hakimov
40 : 28

وَقَالَ رَجُلٞ مُّؤۡمِنٞ مِّنۡ ءَالِ فِرۡعَوۡنَ يَكۡتُمُ إِيمَٰنَهُۥٓ أَتَقۡتُلُونَ رَجُلًا أَن يَقُولَ رَبِّيَ ٱللَّهُ وَقَدۡ جَآءَكُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ مِن رَّبِّكُمۡۖ وَإِن يَكُ كَٰذِبٗا فَعَلَيۡهِ كَذِبُهُۥۖ وَإِن يَكُ صَادِقٗا يُصِبۡكُم بَعۡضُ ٱلَّذِي يَعِدُكُمۡۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ مُسۡرِفٞ كَذَّابٞ

(Ошондо) Фараондун туугандарынан болгон (жана) ыйманын жашырып жүргөн бир ыймандуу киши айтты: «(Эмне, силер) «Раббим – Аллах» дегени үчүн эле, бир адамды өлтүрүп саласыңарбы?! Ал силерге Раббиңерден далил-баяндар алып келди го! Эгер ал жалганчы болсо, жалганы өз моюнуна! Эгер сөзү чын болуп калса, ал силерге убада кылган кээ бир азаптар башыңарга түшүп жүрбөсүн! Чынында, Аллах чектен чыккандарды, жалганчыларды туура жолго баштабайт!

Explanation & meanings · 1
  1. Аалымдар «бул киши кыйла мансаптуу болуш керек. Анткени, коомдо даражасы төмөн адам ачыктан-ачык Мусаны актап сүйлөй алмак эмес» - дешет.