Skip to content
الحج /

Аят 39

22 : 39
الحج Аяттар 78
Сүрө · الحج
Kyrgyz · Hakimov
22 : 39

أُذِنَ لِلَّذِينَ يُقَٰتَلُونَ بِأَنَّهُمۡ ظُلِمُواْۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ نَصۡرِهِمۡ لَقَدِيرٌ

(Каапырлар тарабынан) чабуулга туш болгон (ыймандуу) адамдарга, зулумдук көргөндөрү себептүү (душмандарына каршы согушууга) уруксат берилди. Албетте, Аллах аларга жардам берүүгө кудуреттүү!

Explanation & meanings · 1
  1. Бул мусулмандарды эң алгачкы ирет согушка буюрган аят. Алар Мединага көчүп (хижрат кылып) өзүнчө ислам мамлекетин курап, күч кубатка ээ болгонго чейин Мекке мушриктеринен көп зулумдук көрүштү. Мединага көчүп келгенден кийин деле кордуктар токтободу. Сабыры түгөнгөн сахабалар пайгамбарыбызга келип; «Согушпайлыбы, биз деле?!» деп кайра-кайра суроо-талап коюшса да, ал: «Аллахтан буйрук келмейинче согуш жок» деп жооп берчү. Акыр акыбетте зарыктырган, өч алууну сагынткан уруксат ушинтип келген.