21 : 26
وَقَالُواْ ٱتَّخَذَ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَلَدٗاۗ سُبۡحَٰنَهُۥۚ بَلۡ عِبَادٞ مُّكۡرَمُونَ
(Мушриктер): «Чексиз Ырайымдуунун баласы бар» дешти. Аллах бала күтүүдөн Аруу-Таза. Андай эмес, алар (периштелер) урматтуу пенделер.
Explanation & meanings · 2
- «Чексиз Ырайымдуу» арабчасы Ар-Рахман – Аллах тааланын 99 ысымы жана сыпаттарынан бири.
- Араб мушриктери: «Периштелер – Аллахтын кыздары» дешкен. Бул аят алардын сөздөрүн жалганга чыгарып, периштелердин чыныгы сыпатын баяндап берүүдө.