Skip to content
البَقَرَة /

Аят 224

2 : 224

Аят 224 of البَقَرَة (2 : 224). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

البَقَرَة Аяттар 286
2 : 224

وَلَا تَجۡعَلُواْ ٱللَّهَ عُرۡضَةٗ لِّأَيۡمَٰنِكُمۡ أَن تَبَرُّواْ وَتَتَّقُواْ وَتُصۡلِحُواْ بَيۡنَ ٱلنَّاسِۚ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٞ

Аллахты(н атына ичкен антыңарды) жакшылыгыңардан, такыбалыгыңардан жана адамдардын арасын түзөтүүңөрдөн тыюу (шылтоо) кылып албагыла. Аллах – Угуучу, Билүүчү.

Explanation & meanings · 1
  1. Аллах таала антка опа кылууга (аткарууга) буюрган. Бирок, бул жерде Аллах кээ бир анттарды бөлүп көргөзүп, аларды аткарбаш керек экенин айтууда. Эгер бир киши Аллахтын атын оозанып («Аллахка ант!» деп) Аллах сүйгөн бир жакшы нерсени жасабоого ант ичсе, анда бул антын аткарбасын! Аллахтын атынан ант ичип койдум эле дебестен, антын бузуп, жакшы ишти жасай берсин. Ошентип, ким бир важып ишти таштоого ант ичсе, ал антты бузуу важып, антын аткаруу – арам.