18 : 83
وَيَسۡـَٔلُونَكَ عَن ذِي ٱلۡقَرۡنَيۡنِۖ قُلۡ سَأَتۡلُواْ عَلَيۡكُم مِّنۡهُ ذِكۡرًا
(Оо, Мухаммад! Яхудилер жана мушриктер) Сенден Зулкарнайн жөнүндө сурашат. Айткын: «Азыр мен силерге ал жөнүндөгү (Аллах мага вахий кылган) кабарды окуп беремин:
Explanation & meanings · 1
- Кээ бирөөлөр бул кишини Александр Македонский менен алмаштырып алышат. Александр Македонский арабча тарыхий булактарда Искандар Макдуний деген ат менен белгилүү.