Skip to content
إبراهِيم /

Аят 11

14 : 11

Аят 11 of إبراهِيم (14 : 11). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

إبراهِيم Аяттар 52
14 : 11

قَالَتۡ لَهُمۡ رُسُلُهُمۡ إِن نَّحۡنُ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَمُنُّ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦۖ وَمَا كَانَ لَنَآ أَن نَّأۡتِيَكُم بِسُلۡطَٰنٍ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ

«Аларга пайгамбарлары айтты: «(Туура). Биз деле силер сыяктуу адамбыз. Бирок, Аллах пенделеринен Өзү каалагандарына (мындай) жакшылык берет. (Анан), силерге далил-моожизаларды келтириш биздин ыктыярда эмес. Аллах кааласа гана келтире алабыз. Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышат.

Explanation & meanings · 1
  1. Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышат. Башкача айтканда өздөрүн Аллахка тапшырышат. Эмесе, алардын каршысында түгөлү менен каапыр коом турган. Алар жалгыз! Ошентсе да, Аллахтын кудуретине, жардамына ишенип Нух пайгамбар айткандай: "Ишиңерди жана шерик-кудайыңарды чогулта бергиле!" - дешти. Худ пайгамбар дагы каапырларга карап: "Бардыгың мага каршы айла-амалыңды баштай бергиле!" - деген болчу. Аллахка тобокел кылуунун мааниси - ушул.