عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
545 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Категориялар
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
"Адам баласы толтура турган анын ашказанынан өткөн жаман идиш жок. Адам баласына анын дене-мүчөлөрүн кармап тургудай эле тамактанса жетиштүү. Эгер тоё жеш керек болсо, анда аш казанын үчкө бөлүп, бир бөлүгүн тамакка, бир бөлүгүн суусундукка, бир бөлүгүн абага калтырсын".
Сахих (ишенимдүү) Имам Ахмад, ат-Тирмизи, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
«Илимди аалымдарга мактануу үчүн жана наадандар менен талашуу үчүн ошондой эле жыйындарда өзүн көрсөтүү үчүн албагыла. Эгерде кимдир бирөө мындай кылса, анда ага тозок болсун жана тозок болсун».
Сахих (ишенимдүү) Ибн Маажа жазып калтырган.
"Фитналар (азгырыктар) жүрөктөргө чийдин талдары сыяктуу бирден-бирден тартууланат. Кайсы жүрөк аны өзүнө сиңирип алса, ага кара так түшөт. Ал эми кайсы жүрөк аны четке какса, ага ак так түшөт. Натыйжада жүрөктөр эки түргө бөлүнөт: (бири) жылмакай таш сыяктуу аппак (жүрөк), асман менен жер турганда ага эч бир фитна зыян келтире албайт. Ал эми экинчиси – көмкөрүлгөн кумура сыяктуу күл боз түстөгү кара (жүрөк), ал өзүнүн каалоосу сиңирип алган нерседен башка, жакшылыкты тааныбайт жана жамандыкты четке какпайт."
Хузайфа айтты: Мен Умарга: Чынында, сени менен анын (фитнанын) ортосунда жабык эшик бар, ал жакында сынат, - деп айттым.
Умар: Атасыз калгыр, ал сынабы? Эгер ал ачылганда, балким кайра жабылмак, - деди.
Мен: Жок, тескерисинче ал сынат, - дедим. Жана мен ага ал эшик – өлтүрүлө турган же өлө турган адам экенин, эч кандай жаңылыштыгы жок акыйкат сөз кылып айтып бердим.
Абу Халид айтты: Мен Саадга: Оо, Абу Малик, "күл боз түстөгү кара" деген эмне? - дедим.
Ал: Каранын ичиндеги катуу актык, - деди.
Ал айтты: Мен: А "көмкөрүлгөн кумура" деген эмне? - дедим.
Ал: Төңкөрүлгөн (башы ылдый каратылган), - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Мен өткөндөн кийин эркектерге аялдардан өткөн фитна-азгырык болбойт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Силердин эч кимиңер каалоосу мен алып келген нерсени (динди) ээрчимейинче толук ыймандуу боло албайт".
Имам Навави: "Сахих хадис", - деген. Биз "Хужжа" китебинде ишенимдүү чынжыр-тизмек менен риваят кылдык.
«Аллах Таала түз жолго мисал келтирди. Ал түз жолдун эки тарабында ачык эшиктери менен дубалдар бар. Ал эми эшиктерге түшүрүлгөн пардалар бар. Түз жолдун эшигинин башында: «Эй адамдар, бардыгыңар бул жолго түшкүлө, оңго-солго кетпегиле», - деп айтып турган жарчы бар. Кимде-ким ал эшиктерди ачууну кааласа, түз жолдун үстүндө: «Шоруң кургур! Бул эшикти ачпа. Эгерде ача турган болсоң, анда ага кирип кетесиң» - деп турган дагы бир жарчы бар. Түз жол - бул Ислам дини. Эки дубал - бул Аллахтын койгон чектери. Ал эми ачык эшиктер - алар Аллахтын арам кылган иштери. Түз жолдун баш жагында турган жарчы - бул Аллахтын Китеби. Ал эми түз жолдун үстүндө турган жарчы - бул ар бир мусулмандын жүрөгүндөгү Аллахтын эскертүүсү».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.