Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага: "Аны мага окуп бер", - деди.
Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага: "Аны мага окуп бер" - деди. Мен: "О, Аллахтын элчиси, сизге түшүрүлүп жатса, мен сизге окуп берейинби?" - дедим. Ал: "Ооба" - деди. Мен "Ниса" сүрөсүн окуп, ушул аятка келгенимде: "Ар бир үммөттөн бирден күбө алып келип, сени болсо буларга күбө кылып алып келгенибизде кандай болот?" [Ниса: 41]. Ал: "Азыр ушул жетиштүү" - деди. Мен ага бурулуп карасам, анын көздөрүнөн жаш агып жаткан экен.
قَالَ لِي النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «اقْرَأْ عَلَيَّ»، قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، أَأَقْرَأُ عَلَيْكَ، وَعَلَيْكَ أُنْزِلَ؟ قَالَ: «نَعَمْ» فَقَرَأْتُ سُورَةَ النِّسَاءِ حَتَّى أَتَيْتُ إِلَى هَذِهِ الآيَةِ: {فَكَيْفَ إِذَا جِئْنَا مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ بِشَهِيدٍ، وَجِئْنَا بِكَ عَلَى هَؤُلاَءِ شَهِيدًا} [النساء: 41]، قَالَ: «حَسْبُكَ الآنَ» فَالْتَفَتُّ إِلَيْهِ، فَإِذَا عَيْنَاهُ تَذْرِفَانِ.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Абдуллах ибн Масуддан (ага Аллах ыраазы болсун) Курандан аяттарды окуп берүүсүн суранат. Ал: "О, Аллахтын элчиси, ал сага түшүрүлгөн болсо, мен аны сага кантип окуп берейин?!" - дейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мен аны башка бирөөдөн укканды жакшы көрөм", - дейт. Ал ага "Ниса" сүрөсүнөн окуп жатып, Аллах Тааланын: "Биз ар бир үммөттөн бирден күбө алып келип, сени да буларга күбө катары алып келгенибизде кандай болот?" - деген сөзүнө жеткенде... Башкача айтканда, Раббиңдин кабарын аларга жеткиргениңе сени үммөтүңө күбө кылып алып келсек, сенин жана үммөтүңдүн абалы кандай болот? Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун): "Эми окууну токтот", – деди. Ибн Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтты: Мен ага бурулуп карасам, ошол абалдын сүрүнөн коркуп жана үммөтүнө болгон ырайымынан анын көздөрүнөн жаш агып жаткан экен.
Навави (ага Аллах ырайым кылсын) айтат: Куран окууну угуу, ага кулак төшөө, ал учурда ыйлоо жана ага ой жүгүртүү мустахаб жакшы иш. Ошондой эле аны угуу үчүн башка бирөөдөн Куран окуусун сурануу да мустахаб. Анткени, бул адамдын өз алдынча окуганына караганда түшүнүүдө жана ой жүгүртүүдө алда канча таасирдүүрөөк.
Куранды угууда аны окугандагыдай эле сооп бар.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны анын өз оозунан угууну жакшы көргөн Абдуллах бин Масуддун (ага Аллах ыраазы болсун) артыкчылыгы. Бул Ибн Масуддун (ага Аллах ыраазы болсун) Куранды үйрөнүүгө, жаттоого жана аны мыкты өздөштүрүүгө болгон аракетин көрсөтөт.
Аллах Тааланын аяттарын уккан кезде тынчтыкты сактоо, жакшы унчукпоо жана кыйкырып-бакырбоо менен бирге Андан коркуп ыйлоонун артыкчылыгы.
Сахих ал-Бухари (6/ 196) (5050).
Сахих Муслим (1/ 551) (800).
Сахих ал-Бухари (6/ 196) (5050).
Сахих Муслим (1/ 551) (800).
Дагы (16)
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (7/ 133).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 515).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 402).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 342).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (7/ 133).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 515).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 402).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 342).