Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (Рамазандын) акыркы он күнүндө башка күндөрдөгүдөн өзгөчө (күч үрөп, берилүү менен) ибадат кылат эле.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالصيامالعشر الأواخر من رمضان
Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (Рамазандын) акыркы он күнүндө башка күндөрдөгүдөн өзгөчө (күч үрөп, берилүү менен) ибадат кылат эле.
كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَجْتَهِدُ فِي الْعَشْرِ الْأَوَاخِرِ مَا لَا يَجْتَهِدُ فِي غَيْرِهِ.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Рамазан айынын акыркы он күнү кирип келгенде, ибадат жана баш ийүүдө өзгөчө күч үрөп, аракет кылчу. Ал жакшылыктардын ар кыл түрлөрүн, сооптуу иштердин жана ибадаттардын түркүн түрлөрүн аткарууга башка учурларга караганда көбүрөөк күч-аракет жумшайт эле. Бул — ошол түндөрдүн улуулугу жана пазилети үчүн, ошондой эле Кадыр түндү издөө максатында болгон.
Жалпысынан Рамазан айында, айрыкча анын акыркы он күнүндө жакшы амалдарды жана ибадаттарды көбөйтүүгө үндөө (кызыктыруу).
Рамазан айынын акыркы он күнү жыйырма биринчи түндөн башталып, айдын аягына чейин уланат.
Пазилеттүү убакыттарды ибадат кылуу менен туура пайдалануу — мустахаб.
Сахих Муслим (2/ 832) (1175).
Сахих Муслим (2/ 832) (1175).
Дагы (12)
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (14/ 463).
نزهة المتقين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 848).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 339).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (14/ 463).
نزهة المتقين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 848).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 339).