Skip to content

Адамдар мечиттер менен мактанмайынча кыямат болбойт.

التصنيف الشرعي
الفقهالصلاةأحكام المساجد

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Адамдар мечиттер менен мактанмайынча кыямат болбойт».

«لَا تَقُومُ السَّاعَةُ حَتَّى يَتَبَاهَى النَّاسُ فِي الْمَسَاجِدِ».

Абу Дауд, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабар берет: Кыямат күнүнүн жакындап калганынын жана дүнүйөнүн бүтүшүнүн белгилеринен – адамдар мечиттеринин кооздугу менен бири-бирине мактануусу, же Аллахты зикир кылуу үчүн гана курулган мечиттердин ичинде өздөрүнүн дүнүйөсү менен мактануусу.

Хадистин пайдалары

Мечиттер менен мактануу арам жана ал кабыл кылынбаган амал. Анткени, ал иш Аллах үчүн жасалган эмес.

Намаз окугандардын көңүлүн алаксыткандыгы себептүү, мечиттерди ар кандай түстөр, боёктор, оймо-чиймелер жана жазуулар менен кооздоого тыюу салынган.

Ас-Синди минтип айткан: Бул хадистин чын экенин жашоо өзү тастыктайт. Демек, бул пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ачык-айкын мужизаларынын бири болуп саналат.

Булактар

Сунан Абу Дауд (1/ 337) (449).

Сунан ан-Насааи (2/ 32) (689).

Сунан Ибн Маажа (1/ 475) (739).

Сунан Абу Дауд (1/ 337) (449).

Сунан ан-Насааи (2/ 32) (689).

Сунан Ибн Маажа (1/ 475) (739).

Дагы (8)

توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (2/ 137).

فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (1/ 621).

توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (2/ 137).

فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (1/ 621).